Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 14-декабры № 677

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекитилсин:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө Жобо, 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)

2. “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун төртүнчү, алтынчы, он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков