КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-январы № 20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы көрсөтүүчү кызматтардын өзгөчө статусун жана саясий маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 “Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча “аткаруу бийлигинин” деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
аталышындагы жана бүткүл текст боюнча “аткаруу бийлигинин” деген сөздөр алып салынсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын иштеп чыгуу боюнча нускамада:
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү “аткаруу бийлигинин органдары” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик органдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Министрликтер жана административдик ведомстволор:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин.
6. Ушул токтом 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.