КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 13 декабры № 669
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-октябрындагы № 720 “Кыргыз Республикасынын айылдарынын айыл башчылары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун расмий тилдеги аталышындагы “(аила)” деген сөз “(айыла)” деген сөз менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстинин 1-пунктундагы “(аила)” деген сөз “(айыла)” деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл башчысы жөнүндө Типтүү жободо:
Типтүү жобонун расмий тилдеги аталышындагы “(аила)” деген сөз “(староста айыла)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы ”айыл өкмөтүнүн башчысы” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы” деген сөз менен, “калктуу конуш” деген сөздөр “айыл” деген сөз менен жана расмий тилдеги тексттеги “аил” деген сөз “айыл” деген сөз менен алмаштырылсын;
1.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында өзүнчө бөлөк жайгашкан айылдарда жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен, кызматтык маянасы тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетектөөчү адисинин деңгээлиндеги айыл башчынын кызмат орду ачылат.”;
2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: