Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 16-январы № 19
Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын өзгөртүп түзүү маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Баалуу металлдар жана асыл таштар рыногун жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө", "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 11-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фонду жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "башкармасы" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "департаменти" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2.4-пунктундагы "сакталышы үчүн" деген сөздөрдөн мурда "баалуулуктарынын" деген сөз менен толукталсын;
- III бөлүктүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"III. Мамфонддун баалуулуктарын кабыл алуу, сактоо жана эсепке алуу тартиби";
- 3.7, 3.9-3.15-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3.16-3.18-пункттар менен толукталсын:
"3.16. Мамсактоого түшүүчү баалуулуктарды кабыл алуу акыркы кабыл алуу актысын тариздөө менен төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт: