Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 , 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги кыскартылуучу штаттык бирдиктердин эсебинен тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 33 штаттык бирдикти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүп берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун алтынчы жана жетинчи абзацтарындагы "салмак габариттик" деген сөздөр "транспорттук" деген сөз менен жана "СГКП" деген аббревиатура "ТКП" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана транспорт каражаттарынын жалпы салмагын, октук салмак басымын, ченемдерин жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибинде:
бүткүл текстиндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандык формадагы "салмак габариттик контролдоо пункту" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "транспорттук контролдоо пункту" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибинде:
бүткүл текстиндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандык формадагы "салмак габариттик контролдоо пункту" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "транспорттук контролдоо пункту" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук каражаттардын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын жана залалдардын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
4-пунктундагы "салмак-көлөмдү контролдоонун стационардык пункттарынын" деген сөздөр "транспорттук контролдоонун стационардык пункттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын периметри боюнча жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
аталышындагы "салмак-габарит" деген сөздөр жана "СГКП" деген аббревиатура тиешесине жараша "транспорттук" деген сөз менен жана "ТКП" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы салмак габарит контролдоо пункттарынын (СГКП) тизмесинде:
"салмак-габарит" деген сөздөр жана "СГКП" деген аббревиатура тиешесине жараша "транспорттук" деген сөз менен жана "ТКП" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;