|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 702, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 734 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Министрлик) төмөнкүдөй функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук органы болуп саналат:
1) төмөнкү тармактарда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча:
- макроэкономикалык, соода, монополияга каршы (отун-энергетикалык комплексинен тышкары), бажылык-тарифтик, лицензиялык, тышкы экономикалык;
- өнөр жай (тамак-аш өнөр жайынан тышкары);
- экспорттук контролдоо;
- региондорду өнүктүрүү, административдик-аймактык түзүлүш жана аймактык-мейкиндик пландоо;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик мүлктү башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган банктардын жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын банкроттугу чөйрөсүндөгү саясатты кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттук жана анын алдын алуу;
- техникалык жөнгө салуу жана метрология;
- стандартташтыруунун улуттук системасы;
- шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасы;
- адал-индустрияны өнүктүрүү;
- ишкердикти өнүктүрүү;