Сравнение редакций…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 109, 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун типтерин, ошондой эле аларды жараксыз деп таануу учурларын аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору мамлекеттик маанидеги документ жана Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми алардын ээлери Кыргыз Республикасынын коргоосунда болушат.
3. Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыздоо системасы Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоого жана аларды ишке ашырууга, өлкөнүн улуттук коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө арналган.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу документтер болуп саналат.
2. Улуттук паспорттордун типтери
5. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасынын ичинде, анын чегинен тышкары пайдалануу үчүн арналган, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы типтерге бөлүнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- идентификациялык карта Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ;
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документтерден болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документтерден болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 токтомунун редакциясына ылайык, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 109, 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167, 2025-жылдын 20-августундагы № 508 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун типтерин, ошондой эле аларды жараксыз деп таануу учурларын аныктайт.