КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2018-жылдын 9-октябрындагы № 467, 2019-жылдын 28-июнундагы № 326, 2019-жылдын 27-декабрындагы № 715, 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 161, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649, 2023-жылдын 15-мартындагы № 143, 2023-жылдын 29-июнундагы № 329, 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 591 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) (мындан ары - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартибин аныктайт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылып жаткан адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006 жана 2020-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруучу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү акты менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 649 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Нускамада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - маалыматты топтоо, сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык аппараттык каражаттардын жыйындысы болуп эсептелген система;
анкета-арыз - арыз ээсинин жеке маалыматтарын камтыган, электрондук же кагаз түрүндө таризделүүчү документ;
Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - КБМР) - Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объекти болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар жөнүндө, миграциянын масштабы жана багыты жөнүндө маалыматтарды топтоо, сактоо, актуалдаштыруу жана талдоо, ошондой эле бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте башка юридикалык жана жеке жактарга берүү үчүн арналган Кыргыз Республикасынын калкын бирдиктүү автоматташтырылган жекелештирилген эсепке алуучу система;
чет өлкөдөгү мекеме - Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгү (элчилиги), консулдук мекемеси;
талап кылынбаган паспорттор - белгиленген тартипте даярдалган (жекелештирилген), даярдалган (жекелештирилген) күндөн тартып 6 айдын ичинде арыз ээси алып кетүү үчүн келбеген улуттук паспорттор;
ата-эненин биринин жоктугу - ата-эненин бирин ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу, ата-эненин биринин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн болушу, ата-эненин биринин эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөөсү, ата-эненин бирин дайынсыз жоголду, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин болушу, ата-эненин биринин издөөдө болушу;
ведомстволук бөлүнүш - калкты мамлекеттик каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана мамлекеттик маанидеги башка документтерди берүү жаатында иш жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын алдындагы ведомстволук бөлүнүш;