Калыпты жүктөө

БУЙРУК

ПРИКАЗ

[Буйруктун датасы]Бишкек ш.

№ [Буйруктун номери]г. Бишкек

 

 

Кыргыз Республикасында 2021 - 2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча  [Органдын аталышы (илик жөндөмөдө)]
иш-чаралар планын бекитүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2021 - 2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын талаптарын ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:

 

1.  Кыргыз Республикасында 2021 - 2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча [Органдын аталышы (илик жөндөмөдө)] иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) бекитилсин (тиркелет).

2.  Тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөр Иш-чаралар планын аткарууга алсын.

3. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү:

-  Иш-чаралар планынын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзсүн;

- Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча жыл сайын отчёт берсин.

4. Буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрук менен  түзүмдүк бөлүмдөрдү тааныштырсын.

6. Буйруктун аткарылышын контролдоо [Органдын аталышы (илик жөндөмөдө)] төрагасынын орун басары [Контролдоо жүктөлгөн төрагасынын орун басарынын баш тамгасы жана фамилиясы (барыш жөндөмөдө)] жүктөлсүн.

 

 

[Буйрукка кол коюучунун кызмат орду] /колу/ [Буйрукка кол коюучунун аты-жөнү]

 

 

 

 

 

 

[Тиркемеде көрсөтүлгөн буйрукту чыгарган орган (илик жөндөмөдө)] 

[Тиркемenин реквизитиндеги буйруктун датасы]

№[Тиркеменин реквизитиндеги буйруктун номери]

буйругуна тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасында 2021 - 2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча  [Органдын аталышы (илик жөндөмөдө)]
иш-чаралар планы

 

 

№

Иш-чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр

Эскертүү