ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Кыргыздын залкар уулу, дүйнөгө белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956–1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953–1956-жж. Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958–1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960–1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965–1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988–1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндө элчиси) болгон.
Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.
"Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.
1956-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлге көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган жана чыгармалары боюнча тартылган кинофильмдер Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине ээ болгон.
Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" гезитине жана "Киргизстан" альманахына жарыяланат. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат.
Ч. Айтматов публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери.
Ч. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер коюлду, кино фильмдер тартылды.
ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече жолу чоң тираж менен кайталап басылган.
Сыйлыктары: Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАнын анык мүчөсү (1974). Социалисттик эмгектин баатыры (1978), Ленин (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), "Ысык-Көл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Жапон ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Эл баатыры (1997).
Атасы – Төрөкул Айтматов жана апасы – Нагима Айтматова.
Улуу жазуучу Айтматов Чыңгыз Төрөкулович 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.