Загрузка…
ТЕСКЕМЕ
РАСПОРЯЖЕНИЕ
[Тескеменин датасы]Бишкек ш.
№ [Тескеменин номери]
“Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин [Жарлыктын жылы]-жылдын [Жарлыктын күнү (майдагы)]-майындагы ПЖ №[Жарлыктын номери] Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын бөлүмдөрү, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдери жана шаарлардын мэрлери:
- “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча “Жол картасын” жүзөгө ашыруунун алкагында Ысык-Көл облусунда 2022-2023-жылдар мезгилине башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын аткарууну колго алышсын;
- маалыматтык системаларды жана ресурстарды, анын ичинде санариптик экономиканын алкагында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча документтерди, техникалык тапшырмаларды жана деталдуу финансылык эсептерди даярдоо бөлүгүндө кеңири киргизүүнү караган санариптик трансформациялоонун программаларын өз убагында ишке ашырcын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, ачык маалыматтарды жана башка маалыматтарды Интернет тармагында, анын ичинде ачык маалыматтар порталында жайгаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик инфраструктуранын маалыматтык коопсуздугун, ошондой эле электрондук маалыматтарды жана документтерди коргоону камсыз кылышсын;
- Жарлыктын жана тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө толук, сапаттуу маалыматтар ай сайын 5инен кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнө жиберилсин;
-Ушул тапшырманын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын-акимдеринин биринчи орун басарларына, шаарлардын биринчи вице-мэрлерине жүктөлсүн.
3. Тапшырмалардын сапаттуу, кынтыксыз жана белгиленген мөөнөттө зарыл чараларды көрүү менен ыкчам аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү:
- аталган Жарлыктын аткарылышы боюнча маалыматтарды ай сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберип турсун;
- Жарлыктын өз убагында жана сапаттуу аткарбаган тиешелүү жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге чара көрүүгө карата кызматтык кат киргизип турсун.
5. Тескеменин аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
[Кол койгон адамдын кызмат орду] /колу/ [Кол койгон адамдын аты-жөнү]