Калыпты жүктөө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТYНYН

ТОКТОМУ

 

Бишкек шаары, [Токтомдун датасы], №[Токтомдун номери]

 

YЙ-БYЛӨ, ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК  ЖАНА ӨЗ АРА КЕЧИРИМДYYЛYК ЖЫЛЫН ӨТКӨРYY ЖӨНYНДӨ

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-январындагы №17 “2012-жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1.Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы 1-тиркемеге ылайык;

- Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 2-тиркемеге ылайык (мындан ары - Иш-чаралар планы)

2. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары:

-Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылын өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берип турушсун.

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министр[Премьер-министрдин аты-жөнү]