Загрузка…
БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик тил боюнча
улуттук комиссиянын
төрагасы [Улуттук комиссиянын төрагасынын аты-жөнү]
[Уставды бекитүү күнү]
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргыз тили” газетасы редакциясынын
У С Т А В Ы
I. Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргыз тили” газетасы редакциясынын (мындан ары – Редакция) уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия болуп саналат.
1.2 Редакция өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жобосун жетекчиликке алат, ошондой эле ушул жобонун негизинде иш жүргүзөт.
1.3 Редакция уюштуруучулук укуктук түрү боюнча өзүн-өзү каржылаган өзүнчө юридикалык жак болуп саналат жана мамлекеттик герб түшүрүлгөн мөөрү, штампы, эмблемасы, расмий бланкы жана банкта өзүнчө эсептешүү эсеби бар мекеме болуп саналат.
1.4 Редакциянын толук аталышы, мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргыз тили” газетасы редакциясы”, расмий тилде: редакция газеты “Кыргыз тили” при Национальной комиссии при Президенте Кыргызской Республики”.
1.5. Редакциянын дареги Бишкек шаары Киев көчөсү, 96-б.
II. Негизги максаты жана милдеттери
2.1 Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил боюнча саясатты газета аркылуу чагылдырып, жалпы элге жеткирүү.
2.2 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын абалын газета бетине жарыялоо жана газета аркылуу өнүктүрүү иштерин жүргүзүү.
2.3 Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн алдыңкы иш тажрыйбаларын илгерилетүү, кемчиликтерди сынга алуу.
2.4 Редакция жогорудагы максаттар менен бирге өзүнө төмөндөгүдөй милдеттенмелерди алат:
-кыргыз тилинин тазалыгы үчүн күрөшүү;
-көрнөктөрдүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык жазылышы боюнча маалымат таратуу жана аталган мыйзамды бузуучулар менен газета аркылуу күрөшүү;
-бала-бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда кыргыз тилин окутуунун методикасы боюнча алдыңкы тажрыйбаларды газета аркылуу илгерилетүү жана кемчиликтерин газета аркылуу сынга алуу;
- кыргыз элинин тарыхын, этнографиясын, салтын, санжырасын, рухий дөөлөттөрүн, илимий табылгаларын кеңири элге жеткирүү;
-мекемелерде, уюмдарда, министрликтерде, ведомстволордо мамлекеттик тил саясатынын ишке ашырылышы боюнча абалын чагылдыруу;
-мамлекеттик тил саясаты боюнча акыркы маалыматтарды үзгүлтүксүз жарыялоо;
-окурмандардын кеңири аудиториясына ээ болуу;
-уюштуруучуга жылына эки жолу газетанын ишмердүүлүгү боюнча отчёт берүү.
III. Редакциянын укуктары
3.1 Мамлекеттик тил саясатын жүргүзүүгө байланыштуу өткөрүлгөн семинарга, конференцияларга, жыйындарга катышууга.
3.2 Элге кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө.
3.3. Менчигинин түрүнө карабастан мекеме, уюмдар менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кызматташуу келишимдерин түзүүгө жана кызматташууга.
3.4. Газетанын материалдык-техникалык каражаттарын жакшыртуу боюнча гранттык долбоорлорду жазууга жана ал боюнча иш жүргүзүүгө.
3.5. Финансылык-чарбалык жумуштарды өз алдынча башкарууга.
3.6. Уюштуруучунун макулдугу менен редакциянын карамагындагы мүлктөрдү, буюмдарды редакциянын кызыкчылыгына пайдаланууга жана сатып алууларды жүргүзүүгө.
3.7. Сотко доогер жана жоопкер болууга.
3.8. Редакциянын кызыкчылыгы үчүн ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
3.9. Редакция тарабынан даярдалган материалдарга өзүнүн автордук укугун коргоого.
IV. Редакциянын түзүлүшү жана аны башкаруу
Редакциянын жогорку башкаруу органы болуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия саналат.
4.1. Уюштуруучу төмөнкү маселелерди чечет:
-редакциянын жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү, аны бекитүү;
-редакциянын ишмердүүлүгүндө артыкчылык берилүүчү багыттарды белгилөө;
-редакциянын бир жылда эки жолку берилүүчү отчётун угуу жана ага баа берүү;
-башкы редакторду кызматтан бошотууга чейин жаза чарасын колдонуу.
4.2. Редакцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы дайындаган жана кызматтан бошото ала турган Башкы редактор жетекчилик кылат.
4.3. Башкы редактор редакциянын штаттык түзүмүн аныктайт жана бекитет, кадр маселеси боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт.
4.4. Башкы редактор:
- редакциянын иш-планын түзөт жана аны бекитет, акча каражатын жана сарптоо сметасын бекитип, анын чыгымдалышын контролдойт;
- уюштуруучуга мезгил-мезгили менен отчёт берип турат;
- редакциянын кызматчыларын сыйлоого, жаза берүүгө укуктуу жана аларды мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө алат;
- редакциянын иштөө тартибин жана регламентин бекитет;
- редакциянын ички ишмердүүлүгү боюнча ар кандай чечимдерди кабыл алат;
- ишеним кат берет, соттордо доогер жана жоопкер катары катышат;
- редакциянын атынан ишеним кат албастан иштин кызыкчылыгы үчүн ар кандай мекеме уюмдар менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана келишимдерди түзөт;
- редакциянын ишмердүүлүгү боюнча жеке жоопкерчиликтүү;
- эмгек акы фондусунун чегинде кызматкерлердин эмгек акысын аныктайт жана үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен кызматчыларга сый акы бере алат;
- башкы редактор жок кезде анын орун басары башкы редактордун иш милдеттерин аткарат.
V. Редакциянын финансы-чарба ишмердүүлүгү жана мүлкү
Редакциянын финансы каражаттары төмөнкү булактардан турат:
- газетага жазылуудан түшкөн акча каражатынын эсебинен;
- демөөрчүлөрдөн, гранттык каражаттардан, жеке адамдардан жана мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардан түшкөн каражаттардын эсебинен;
- жарыялардын жана башка финансылык чегерүүлөрдүн эсебинен.
VI. Редакциянын кайра түзүлүшү жана токтотулушу
6.1. Редакция өзүнүн ишин белгиленген мыйзам актыларынын негизинде токтотот.
6.2. Редакциянын ишмердүүлүгүн токтотуу же кайра түзүү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын же сот органдарынын чечими менен ишке ашырылат.
6.3. Мамлекеттик реестрде жоюлду деп каттодон өткөндөн тартып Редакция өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.
6.4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык редакциянын ишмердүүлүгүнүн процессинде пайда болгон документтер архивде сакталат.