Б У Й Р У К
П Р И К А З
[Буйруктун датасы] №[Буйруктун номери] Бишкек ш.
Иш-чара өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары [Планды бекиткен Министрлер Кабинети Төрагасынын орун басарынын аты-жөнү] бекиткен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын [Мыйзам кабыл алынгандан бери өткөн жылдардын саны] жылдыгына карата мамлекеттик тилдин бир айлыгы боюнча ([Айлыктын өтүү мөөнөтү]) иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде (мындан ары – Министрлик) иш кагаздары (өткөрүлгөн коллегия отурумдары, ченемдик укуктук актылары, тескөө документтери, жыйналыштары, кеңешмелери, сүйлөшүүлөр ж.б.) мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн, зарыл учурларда расмий тилде өткөрүлсүн.
2. Типтүү нускамада көрсөтүлгөн талаптар Электрондук документ жүргүзүүнүн бирдиктүү системасынын жардамы менен документтерди даярдоону, каттоону, эсепке алуу жана аткарылышын контролдоону эске алганда, документтин түрүнө карабастан (кагаз, электрондук) уюштуруу-тескөө документтерине жайылтылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук аймактык бөлүмдөрү:
- иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иштелип чыккан иш-чаралар планын аткарууга кабыл алышсын;
- кварталдын кийинки айдын 5ине карата маалыматты электрондук документ жүгүртүү тутуму жана канцелярия бөлүмүнө беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ушул буйруктун 1-пунктун милдеттүү түрдө аткарууга алышсын.
5. Электрондук документ жүгүртүү жана канцелярия бөлүмү ушул буйрук менен борбордук аппараттын башкармалыктарын, бөлүмдөрүн, секторлорун, ведомстволук бөлүктөрүн тааныштырсын.
6. Буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
[Буйрукка кол коюучу жетекчинин кызмат орду] (колу) [Буйрукка кол коюучу жетекчинин аты-жөнү]
Макулдашылды:
[Макулдашуучу адамдын кызмат орду (1)] (колу) [Макулдашуучу адамдын аты-жөнү (1)]
[Макулдашуучу адамдын кызмат орду (2)] (колу) [Макулдашуучу адамдын аты-жөнү (2)]