Калыпты жүктөө

ЭМГЕК КЕЛИШИМИ

 

Бишкек ш. [Келишим түзүлгөн күн]

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин атынан (мындан ары – Министрлик), [Иш берүүчү иш алып барган жобонун аталышы жана реквизиттери] жобонун негизинде иш алып барган министрдин биринчи орун басары [Министрдин биринчи орун басарынын аты-жөнү] мындан ары “Иш берүүчү” деп аталып, бир тараптан жана [Кызматкердин аты-жөнү]

паспорту: сериясы[Паспорттун сериясы], номери [Паспорттун номери], берген орган [Паспортту берген орган], берилген күнү  [Паспорт берилген күн], мындан ары  “Кызматкер” деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте “Тараптар” төмөнкүлөр жөнүндө ушул  эмгек келишимин түзүштү:

 

1. Эмгек келишиминин негизи

 

0.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин [Эмгек кодексинин беренесинин номери]-беренесинин [Эмгек кодексинин пунктунун номери]-пунктуна ылайык Кызматкер эмгек келишими боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин төмөнкү кызмат ордуна [Кызматкердин кызмат орду]  [Иш башталган күн] 

  баштап [Келишимдин мөөнөтү аяктаган күн]чейин кабыл алынды .

1.2.    Кызматкер Министрликтин кызматкери болуп эсептелет жана  ага Келишимде  жана Иш берүүчүнүн ички жобосунда каралган бардык кепилдиктер жайылтылат.

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

 

2.1.    Кызматкердин милдеттери:

2.1.1. Эмгек келишими ( мындан ары – ЭК) менен каралган кызматтык нускама, ошондой эле буйруктар, тескемелер, кызматтык милдеттер, жетекчиликке алуучу документтер, жана башка укуктук ченемдик актылар (мындан ары - укуктук актылар) менен  жүктөлгөн милдеттерди аткарууга милдеттүү.

 

1.2. Кызматкердин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1.2.1. Кызматтык милдеттерин, жоболорду жана нускамаларды, ушул ЭК талаптарын жана башка  Иш  берүүчүнүн укуктук актыларын аткаруу;

1.2.2.  Иш берүүчү берген бардык тапшырмаларды өз убагында жана натыйжалуу аткаруу;

1.2.3.  Коопсуздук техникасын жана иш режимин сапаттуу сактоо;

1.2.4.  Ушул ЭКда каралган, башка милдеттерди бузбаган жана Иш берүүчүгө, анын мүлкүнө, башка кызматкерлерге, үчүнчү жактарга, ошондой эле алардын мүлкүнө зыян келтирбеген демилге көтөрүү;

1.2.5.  Иш берүүчүнүн, ошондой эле кызматы боюнча жогору турган адамдардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки көрсөтмөлөрүн аткаруу;

1.2.6.  Өзүнүн кесиптик квалификациясын системалуу жогорулатуу, ошондой эле Министрликтин жыйналыштарына милдеттүү катышуу.

1.2.7. Иш берүүчүнүн мүлкүнө сарамжал мамиле кылуу, зыян келтирбөө, коргоо;

1.2.8. Иш берүүчүгө, башка кызматкерлерге жана үчүнчү жактарга сылык мамиле кылуу;

1.2.9.  Иштөө режими менен график сактоо;

1.2.10.  Маалыматтарынын купуялуулугу жөнүндө талаптарды сактоо;

1.2.11.  Кызматкерди ушул ЭКга  ылайык ишке тартуу мезгилинде ЭК боюнча милдеттерине карата кызыкчылыктардын кагылышын шарттай турган ар кандай коммерциялык же кесиптик ишке түздөн-түз же кыйыр түрдө катышуудан баш тартуу;

1.2.12. Эгерде кызматкердин милдеттерин аткаруу кандайдыр бир себептерден улам мүмкүн болбой калса, Иш берүүчүгө жана/же жетекчисине өз убагында кабарлоо;

1.2.13. Ишти кызматтык милдеттери боюнча милдеттүү түрдө өткөрүп берүү менен иштен бошонуу күнүнө чейин 2(эки) жумадан кечиктирбестен, ишти улантууга болгон каалоонун өзгөргөндүгү жөнүндө Иш берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү;

1.3. Кызматкер укуктуу:

1.3.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана башка мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;

1.3.2.  ага эмгек келишимдеринде шартталган жумушту жана эмгек акыны алууга;

1.3.3. зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун таасирлеринен корголгон жумуш ордуна, жумуш ордунда эмгекти коргоо боюнча шарттардын абалы жана талаптары жөнүндө маалыматка;

1.3.4. өзүнүн квалификациясына, аткарылган иштердин санына жана сапатына ылайык эмгек акынын өз учурунда жана толук төлөнүшүнө;

1.3.5. Кыскартылган жумуш күнүн белгилөө, ошондой эле жума сайын дем алыш күндөрүн, жумушчу эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;

1.3.6.  Өз өкүлдөрү аркылуу жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерге кирүүгө;

1.3.7. Эмгек кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган тартипте кесиптик даярдыкка, кайра даярдыктан өтүүгө жана өз квалификациясын жогорулатууга;

1.3.8. эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу саламаттыкка келтирилген зыяндын ордун толтуртууга;

1.3.9. мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген кепилдиктердин жана компенсациялардын берилишине;

1.3.10. мыйзамдарда каралган ыкмаларды колдонуу менен соттук коргоого укукту кошкондо өзүнүн эмгек укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушуна.

1.3.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана ага берилген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

 

1.4.  Иш берүүчүнүн милдеттери:

1.4.1. Ушул ЭКнын жана Министрликтин штаттык ырааттамасынын талаптарына ылайык кызматкерге эмгек акы төлөөгө;

1.4.2. мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, локалдуу ченемдик актыларды сактоого;

1.4.3. уюмда эмгекти коргоонун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек коопсуздугун жана шарттарын, эмгекти коргоо менен гигиенанын талаптарына жооп берген шарттарды жана эмгек коопсуздугун уюштурууну камсыз кылууга;

1.4.4. кызматкерди эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдуулар, шаймандар, техникалык документтер жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;

1.4.5. кызматкерлерге эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтурууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жана шарттарда моралдык зыяндын ордун толтурууга;

1.4.6. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде, эмгек укук ченемдерин камтыган мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда, макулдашууларда жана эмгек келишимдеринде каралган башка милдеттерди аткарууга.

 

1.5. Иш берүүчү укуктуу:

1.5.1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жана башка мыйзамдарда белгиленген тартипте жана негиздерде кызматкер менен эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;

1.5.2. ушул Кодексте жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлерди тартиптик жана материалдык жоопкерчиликке тартууга;

1.5.3. Өз укуктарын жана таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга.

1.5.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерди мөөнөтүнөн ашык иштөөгө тартууга.

3. Эмгекке акы төлөө

3.1.  Ушул ЭК колдонулган убакытка кызматкерге штаттык ырааттамада каралган өлчөмдө эмгек акы (кызматтык эмгек акы, тарифтик ставка) белгиленет;

3.2.  Иш берүүчү кызматкерге иштеген мезгили үчүн айына 1 жолу эмгек акы төлөйт.

 

4. Кепилдиктер жана компенсациялар

4.1.  Кызматкер мамлекеттик, коомдук же аскердик милдеттерди аткарган, сотко катышкан, медициналык мекемелерде алардын ишке жарактуулугун аныктоо үчүн текшерүүдөн өткөн, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген башка учурларда ушул ЭКнын колдонулушу токтотулбайт.

4.2. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдык өргүү белгиленет.

5. Тараптардын жоопкерчилиги

5.1.  Кызматкер эмгек тартибин, ошондой эле ушул  ЭКнын 2.2-пунктунда  каралган милдеттерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын негизинде Иш берүүчү ЭКнын бардык аракеттерин токтотууга укуктуу.

5.2.  Кызматкер ушул ЭКга кол коюу менен Иш берүүчүгө эгерде анын күнөөсү боюнча зыян келтирилсе, Тараптар зыяндын ордун толук өлчөмдө ыктыярдуу толтуруу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берүүгө макул болушат.

5.3.  Тараптардын ортосундагы талаш-тартыш сүйлөшүү жолу менен чечилет.  Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка белгиленбесе, Тараптар ар кандай талаш-тартыш, анын ичинде ушул ЭК же анын айрым пункттарын же шарттарын түзүүгө, аткарууга, бузууга, токтотууга, же жараксыз деп табууга байланыштуу талаш-тартыш маселени Кыргыз Республикасынын сотторунда чечилүүгө тийиш деп тааныйт.

 

6. Купуялуулук жана өзгөчө шарттар

6.1. Кызматкерди ички тартип эрежелеринин шарттары менен тааныштыруу Министрликте колдонулган тартипке ылайык жүргүзүлөт.

6.2.  Купуя маалымат Иш берүүчүгө тиешелүү бардык маалыматты, анын ичинде Иш берүүчүнүн, анын филиалдарынын же башка бөлүмдөрүнүн иши же финансылык абалы, кардарлар, жөнөтүүчүлөр жөнүндө маалыматты, Иш берүүчүнүн коммерциялык сырын,”ноу-хау”, технологияларын, ошондой эле ушул ЭКны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде кызматкерге төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн  билдирет.

6.3. Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек мамилелери токтотулган учурда, анын токтотулушунун себептерине жана/же чындыгына карабастан, кызматкер жашыруун маалыматты алып жүрүүчүлөрдүн бардык түрлөрүн, ошондой эле кызматкердин ээлигинде, сактоосунда же контролунда турган Иш берүүчүнүн мүлкүн Иш берүүчүгө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кызматкер эч кандай максатта мазмуну купуя маалыматты түзгөн документтердин көчүрмөсүн жасабашы же башка жол менен көчүрбөшү керек.

6.4. Иш берүүчү купуялуулукка карата кошумча милдеттерди жана эрежелерди белгилөөгө укуктуу.

 

7. Эмгек келишимин өзгөртүү жана токтотуу

7.1.  ЭК Тараптардын макулдашуусу менен каалаган убакта токтотулушу мүмкүн;

7.2.  ЭК кызматкердин демилгеси боюнча, бул жөнүндө Иш берүүчүгө эки жума мурун жазуу жүзүндө эскертүү менен токтотулушу мүмкүн;

7.3.  Келишимдин тараптарынын ортосунда пайда болгон эмгек талаш-тартыш маселелери  макулдашуу принциби боюнча чечилет;

7.4. Зарыл болсо, ушул ЭК токтотулган учурда бири-бирине пайдаланууга берген мүлктү Тараптар кайтарып беришет;

7.5.  ЭК Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет;

7.6. Ушул Эмгек келишиминде каралбаган маселелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат;

7.7.  ЭК 2 нускада, ар бир Тарапка бирден түзүлдү.

 

8. Тараптардын юридикалык даректери жана колу

 

      Иш берүүчү Кызматкер

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы

министринин биринчи орун басары

 

[Министрдин биринчи орун басарынын аты-жөнү]

 

[Кызматкердин аты-жөнү] аты-жөнү

Паспорту: [Паспорттун сериясы] [Паспорттун номери], [Паспортту берген орган], [Паспорт берилген күн]

Дареги: Бишкек ш., Киев көчөсү 96 «А».

Дареги: [Кызматкердин дареги]

___________________
   колу

 

___________________
       колу

МО

 

МО