Загрузка…
Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан түзүлгөн Коомдук үрөн фондусунун ишин талкуулоо боюнча кеңешменин
протоколу
[Протоколдун датасы] № [Протоколдун номери]
| Бишкек шаары |
Катышкандар:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары, кеңешменин төрагасы [Министрдин орун басарынын, кеңешменин төрагасынын аты-жөнү], дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси [Дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адисинин аты-жөнү], Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору [Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директорунун аты-жөнү], Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору [Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директорунун аты-жөнү], Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору [Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директорунун аты-жөнү].
Күн тартиби:
1. Коомдук үрөн фондусунун туруктуу иштөө механизмин иштеп чыгуу
Кеңешмени Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары [Министрдин орун басарынын, кеңешменин төрагасынын аты-жөнү] ачып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү, дыйкандарга жеткирүү жолдору тууралуу кеңешменин катышуучуларына маалымат берүү үчүн сөздү Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору [Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директорунун аты-жөнү] узатты. Ал өз сөзүндө Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан кредитке берилген 1 миллион АКШ долларына Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын айыл өкмөттөрүнүн базасында коомдук үрөн фондусун түзүп, арпа, жүгөрү, тоют кызылчасынын үрөндөрүн сатып алып, жергиликтүү дыйкандарга карызга таратып берүү, аны дыйкандардан күзүндө алган түшүмдөрдөн түшкөн кирешеден накталай акча түрүндө кайтарып алуу жана бул каражатка коомдук үрөн фонддору кайрадан үрөн сатып алуусу жөнүндө кеңири маалымат берди.
Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан түзүлгөн коомдук үрөн фондусу тууралуу баяндалган маалымат боюнча тийиштүү тараптарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
I. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору [Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директорунун аты-жөнү]
- дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси [Дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адисинин аты-жөнү] менен биргеликте Коомдук үрөн фонддорунун туруктуу иштөө механизми боюнча сунуш даярдап министрликтин кароосуна киргизсин.
II. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору [Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директорунун аты-жөнү]
• Коомдук үрөн фонддорунун туруктуу иштөө механизми боюнча
өзүнчө сунуш даярдап кароого киргизсин.
Төрага (колу)[Министрдин орун басарынын, кеңешменин төрагасынын аты-жөнү]
Катчы (колу) [Катчынын аты-жөнү]