[Органдын аталышы]
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары − Министрлик) төмөнкүлөрдү билдирет.
Бүгүнкү күндө Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин республика боюнча Ош, Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар иштеп жатат. ЕАЭБ талаптарына ылайык бажы аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн фитосанитардык лабораториялар болуу керек. Кыргыз Республикасы да кабыл алган жол картанын талаптарынын негизинде республиканын бардык облустарында фитосанитардык лабораториялардын болушу белгиленген.
Ошол себептен Жалал-Абад облусунда өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясын куруу үчүн 2017-жылы Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы Сатывалды Палван көчөсүндө 0,25 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бирок Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин дарегине Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан аталган лабораториялык курулуш иш-чаралар башталбаса, бөлүнүп берилген жер тилкени кайтарып алуу жөнүндө кат келип түшкөн.
Бүгүнкү күндө Министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинде аталган лабораториянын курулушу боюнча долбоорлук сметалык документтер даярдалып иштелип чыкты. ЕЭКтин талаптарына ылайык келтирүү үчүн Жалал-Абад облусунда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лабораторияны куруу жана аны лабораториялык жабдуулар менен жабдуу үчүн жалпы 67140,4 миң сом талап кылынат.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү жөнүндө жобонун 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык, республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен каржылоого зарыл болгон долбоордук сметалык документтердин жана лабораториялык жабдуулар менен камсыздоо үчүн тиешелүү документтердин топтомун кароого жөнөтөт.
[Кол койгон адамдын кызмат орду] (колу) [Кол койгон адамдын аты-жөнү]
Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү], тел.: [Аткаруучунун телефону]