Калыпты жүктөө

[Органдын, мекеменин, уюмдун атылышы]

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгына ылайык мектепке чейинки билим берүүнү эки эсеге көбөйтүү тапшырмасы коюлган.

Аталган Улуттук программага ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасы иштелип чыгып, 2024-жылы мектепке чейинки билим берүү республика боюнча 40% га чейин жеткирүү багыттары аныкталып, Кыргыз Республиканын Президенти С.Н. Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасы-Президенттин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров жактырып, аны аткаруу тапшырмасын берген.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2022-жылы мектепке чейинки билим берүү 26,4%ды түзүп, балдар бакчасына 220 012 бала бара баштаган.

Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарын көбөйтүү, балдар үчүн бала бакчаларды камсыздоону жогорулатуу артыкчылыктуу багыт, мамлекет тарабынан мектепке чейинки билим берүүнүн альтернативдик (вариативдик) формаларын өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүгө тийиш.

Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси А.У. Жапаров административдик-аймактык реформанын (АТР) алкагында бошой турган имараттарды биринчи кезекте балдар бакчасын ачуу үчүн колдонуу тапшырмасы берген.

Ошондой эле, кыска мөөнөттүү бала бакчалар менен камсыздоо, балдар бакчасынын имараттарын (уктоочу бөлмөлөрүн) үзүрлүү колдонуу, мурунку менчиктештирилип же багыты өзгөртүлүп кеткен балдар бакчаларынын имараттарын өз багытында пайдалануу, “Өкмөттүк акселераторлор” программасын жайылтуу, жеке менчик балдар бакчаларды ачуу боюнча шарттар түзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына жер-жерлерде билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруусун эске алып, жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн шарттарды түзүп, көрсөтүлгөн пландарды ишке ашыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрүп, көмөк көрсөтүүнү суранат.


Ошону менен бирге, 2024-жылдын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү 40%га чейин жеткирүү милдетин ишке ашыруу боюнча пландарды жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине [Пландарды жана сунуштарды жиберүү мөөнөтү] чейин жиберүүнү өтүнөт.

 

[Кол койгон адамдын кызмат орду] (колу) [Кол койгон адамдын аты-жөнү]

 

 

Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү], [Аткаруучунун телефону]