Загрузка…
[Мамлекеттик органдын аталышы]
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин [Министрлер Кабинетинин тескемесинин датасы] № [Министрлер Кабинетинин тескемесинин номери] тескемесинин [Тескеменин пунктунун номери]-пунктунун аткарылышы боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
ФАОнун “Климаттык оптималдаштырылган айыл чарбаны жүргүзүү ыкмасы үчүн туруктуу кошумча нарк чынжырын өнүктүрүүнү колдоо” долбоору Ислам өнүктүрүү банкынын “Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорунун В компонентинин алкагында ФАОго техникалык жардам катары ишке ашырылган. ИӨБ долбоорунун максаты климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жолу менен айыл чарбасын жана суу ресурстарын башкарууну туруктуу өнүктүрүү аркылуу айыл калкынын киреше булактарын көбөйтүү болуп саналат.
Долбоордун алкагында Кыргызстандын кооперативдер союзу менен кызматташтыкта сегиз кооператив тандалган, алардын потенциалы жашылча сактоочу жайларды куруу үчүн ИӨБ жеңилдетилген кредитин өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. ФАО төрт максаттуу региондордогу (Жети-Өгүз, Тоң, Кочкор, Жумгал) институционалдык түзүмдөрдү бекемдөө жана биргелешкен ишканалардын дараметин жогорулатуу боюнча техникалык жардам көрсөттү.
Аталган долбоордун алкагында көрсөтүлгөн региондордо негизги кошумча нарк чынжыры (мындан ары — КНЧ) аныкталды, ИӨБ үчүн бул региондордун ар биринде инфратүзүмдүк муктаждыктар боюнча сунуштар берилди, ошондой эле ИӨБ тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттердин эсебинен курулуучу айыл чарба өнүмдөрүн сактоочу курулмаларды жана жабдууларды пайдалануу үчүн жергиликтүү кооперативдердин институционалдык жана техникалык дарамети, ошондой эле алардын жалпы өндүрүмдүүлүгү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугу жогорулатылды.
Долбоордун алкагында, ошондой эле сунушталган КНЧ жана кызматташуу механизмдери боюнча саясатты иштеп чыгууга өбөлгө түзгөн рынокту изилдөө жүргүзүлдү жана жеке секторго ФАОнун “Rural invest” инструменттерин пайдалануу боюнча бизнес-тренингдер уюштурулуп, бизнес-пландар даярдалды, ошондой эле тандалган КНЧда тиешелүү товарларды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн арттыруу максатында дараметин жогорулатуу жолу менен аларга илгерилетүү жагында колдоо көрсөтүлдү.
Долбоор Министрликтин дараметин бекемдөөгө көмөктөшүп, ИӨБ долбоорун финансылык жактан колдоосу эсебинен Балыкчы шаарында фитосанитардык лабораторияны куруу үчүн техникалык документтерди иштеп чыкты.
Жогоруда аталган ФАО жана ИӨБ долбоорлору айыл чарба сектору өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары Кыргыз Республикасын улуттук өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясына (2018-2040-жж.) жана “Биримдик, ишеним, жаратмандык” өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасына (2018-2022-жж.) ылайык келет.
[Кол койгон адамдын кызмат орду] (колу) [Кол койгон адамдын аты-жөнү]
Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү], тел.: [Аткаруучунун телефону]