Загрузка…
УКУКТАРДЫ КАЙРАДАН ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ
КЕЛИШИМ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата]
Биз, [Ижарага берүүчүнүн жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Ижарага берүүчүнүн аты-жөнү], [Ижарага берүүчү иш алып барган негиз (Устав/Жобо)] негизинде иш алып барган, [Ижарага берүүчүнүн туулган датасы] туулган, жашаган дареги: [Ижарага берүүчүнүн жашаган дареги], бир тараптан, мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталып,
жана [Ижарачынын жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Ижарачынын аты-жөнү], [Ижарачы иш алып барган негиз (Устав/Жобо)] негизинде иш алып барган, [Ижарачынын туулган датасы] туулган, жашаган дареги: [Ижарачынын жашаган дареги], мындан ары “Ижарачы” деп аталып, экинчи тараптан, экөө биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө Келишим түздүк:
1. Келишим предмети
1.1. Келишимдин предмети болуп тараптардын [Башкы ижара келишиминин датасы]дагы № [Башкы ижара келишиминин номери] башкы ижара келишими боюнча ижарага алынган мүлккө болгон ижара укуктарын кайрадан өткөрүп берүү боюнча иши саналат.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Ижарага берүүчү ижара келишиминин бүткүл мөөнөтүнүн ичинде ижарага берилүүчү мүлктүн ээси болуу менен, Ижарачыга аталган жабдууларды үчүнчү тарапка ижарага берүү үчүн кайрадан өткөрүп берүүгө ыйгарым укук берет.
2.2. Жабдууларды кайрадан өткөрүп берүү башкы ижара келишиминде (же тиешелүү ижара келишиминде) көрсөтүлгөн бүткүл ижара мөөнөтүнүн ичинде юридикалык күчкө ээ.
3. Кошумча кызмат көрсөтүүлөр
3.1. Ижарачы жабдууларды өз атынан өткөрүп берүүгө тийиш. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн атынан иш алып барууга же анын атынан кандайдыр бир милдеттенмелерди берүүгө укугу жок.
3.2. Ижарага берүүчү жабдууларды Ижарачы сатып жибергенден кийин жана Ижарага берүүчү ушул Келишимге ылайык жабдуулар үчүн акы алгандан кийин жабдууга менчик укугун өткөрүп берүүгө милдеттенет.
3.3. Ижарачы Ижарага берүүчүгө жабдууларды өткөрүп берүүгө байланышкан ар кандай чыгымдардын, жоготуулардын жана милдеттенмелердин ордун толтурууга милдеттүү, анын ичинде жабдууларды өткөрүп берген үчүнчү тараптын төлөмдү өз убагында төлөбөгөнүнөн же төлөбөгөндүгүнөн улам келип чыккан жоготуулар.
3.4. Эгерде Ижарачы жабдууларды үчүнчү жакка (субижарачыга) ижарага берүү түрүндө берүүнү караштырса, Ижарачы өз чечимин Ижарага берүүчүгө билдирүүгө милдеттүү.
4. Юридикадык даректер, банктык дайындаректер жана тараптардын колдору
[Ижарага берүүчүнүн юридикалык дареги] [Ижарачынын юридикалык дареги]
[Ижарага берүүчүнүн банктык дайындаректери] [Ижарачынын банктык дайындаректери]
______________________ _______________________
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди мен [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү жана юридикалык жак болгон [Компаниянын аталышы] укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________