Калыпты жүктөө

Батирди (турак үйдү) сатып алуу-сатуу келишими

[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]

[Келишим түзүү датасы]

 

Биз, [Сатуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Сатуучунун аты-жөнү], [Сатуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Сатуучунун жашаган дареги]

жана [Сатып алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)]  жараны  [Сатып алуучунун аты-жөнү], [Сатып алуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Сатып алуучунун жашаган дареги]

төмөнкүлөр жөнүндө өз ара ушул Келишимди түздүк:

Мен, [Сатуучунун аты-жөнү] жер участогунун өлчөмү [Жер участогунун өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м., N [Кварталдын номери] кварталда, N [Участоктун номери] участокто жайгашкан: [Батирдин (турак үйдүн) дареги] дарегинде турган пайдалуу аянты [Пайдалуу аянтынын өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м., турак аянты [Турак аянтынын өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м. болгон батирди (турак  үйдү) саттым, ал эми [Сатып алуучунун аты-жөнү] сатып алды.

Бул батир (турак үй) [Менчик укугун белгилеген документтин аталышы] ылайык [Сатуучунун аты-жөнү] менчик укугуна таандык.

Тараптардын макулдашуусу боюнча ээликтен ажыратылып жаткан батирдин (турак үйдүн) наркы [Суммасы цифра жана жазуу менен] сом өлчөмүндө аныкталды. Тараптардын ортосунда эсептешүүлөр жүргүзүлдү. Тараптардын бири-бирине доосу жок.

Ошол эле учурда Тараптарга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодексинин беренелеринин номерлери]-беренелерине ылайык талаш-тартыш болгон учурда Келишимде көрсөтүлгөн батирдин (турак үйдүн) наркы баштапкы болуп эсептелери маалымдалды.

Батирдин (турак үйдүн) идентификациялык номери [Батирдин (турак үйдүн) идентификациялык номери].

Азыркы мезгилге чейин [Шаар, райондун аталышы] кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органынын жана [Нотариалдык контордун аталышы] маалыматына ылайык ээликтен ажыратылып жаткан батир (турак үй) эч кимге сатылган эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта жана тыюу салууда (камакта) турган эмес.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 180, 416-беренелеринин мазмуну Тараптарга түшүндүрүлдү.

Келишим түзүү боюнча чыгымдарды [Чыгымдарды төлөөчү Тараптын (тараптардын) аты-жөнү] төлөйт.

Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда алар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратылбаганын, кол коюп жаткан Келишимдин маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жапа чекпегендигин, ошондой эле өздөрү үчүн өтө пайдасыз шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугун билдиришти.

Ушул Келишимдин бир нускасы [Мамлекеттик нотариалдык контордун аталышы] көктөмөсүндө сакталат, экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет жана үчүнчүсү [Сатып алуучунун аты-жөнү] колуна берилет.

 

Тараптардын колу:

 

 

 

 

 

[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.

Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ээликтен ажыратылып жаткан батирдин (турак үйдүн) [Сатуучунун аты-жөнү] таандыктыгы текшерилди.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодексинин берене номери]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.

 

№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.

[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.

Нотариус _________________________