Калыпты жүктөө

ТУРАК ЭМЕС ЖАЙДЫ БЕЛЕК КЫЛУУ КЕЛИШИМИ

[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]

[Келишим түзүү датасы]

 

Биз, [Белек кылуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белек кылуучунун аты-жөнү], [Белек кылуучунун туулган күнү], [Белек кылуучунун ИЖН жана паспорттогу дайындары], жашаган дареги: [Белек кылуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белек кылуучу” деп аталып, акыл-эсим жайында жана эс тутумум тунук,

жана [Белек алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)]  жараны  [Белек алуучунун аты-жөнү], [Белек алуучунун туулган күнү], [Белек алуучунун ИЖН жана паспорттогу дайындары], жашаган дареги: [Белек алуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белек алуучу” деп аталып,

төмөнкүлөр жөнүндө өз ара ушул Келишимди түздүк:

Мен, Белек кылуучу жер участогунун өлчөмү [Жер участогунун өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м., N [Кварталдын номери] кварталда, N [Жер участогунун номери] жер участогунда жайгашкан [Турак эмес жайдын дареги] дарегинде турган пайдалуу аянты [Пайдалуу аянттын өлчөмү (чарчы м.)] чарчы м. болгон турак эмес жайды белекке бердим, ал эми Белек алуучу белекке алды.

Бул  турак эмес жай [Менчик укугун белгилеген документтин аталышы] ылайык Белек кылуучунун менчик укугуна таандык.

Тараптардын макулдашуусу боюнча  турак эмес жайдын наркы [Турак эмес жайдын наркы] сом өлчөмүндө аныкталды, ал Келишим түзүлгөн күнгө карата Тараптар тарабынан макулдашылды. Тараптардын бири-бирине доосу жок.

Мен, Белек алуучу берилген белекти кабыл алдым.

Азыркы мезгилге чейин ээликтен ажыратылып жаткан турак эмес жай эч кимге сатылган эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта жана тыюу салуу (камак) алдында турган эмес. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 510, 514-беренелеринин мазмуну тараптарга түшүндүрүлдү.

Келишим түзүү боюнча чыгымдарды Белек алуучу төлөйт.

Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда алар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратылбаганын, кол коюп жаткан Келишимдин маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жапа чекпегендигин, ошондой эле өздөрү үчүн өтө пайдасыз шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугун билдиришти.

Бул келишимдин бир нускасы [Нотариалдык контордун аталышы]    көктөмөсүндө сакталат,  экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет, үчүнчүсү - Белек алуучунун колуна берилет.

 

 

Белек кылуучу__________________________________________________________


 

 

 

Белек алуучу____________________________________________________________

 

[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.

Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ээликтен ажыратылып жаткан батирдин [Белек кылуучунун аты-жөнү] таандыктыгы текшерилди.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.

№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.

[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.

Нотариус _________________________