Загрузка…
БАТИРДИ БЕЛЕК КЫЛУУ КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Келишим түзүү датасы]
Биз, [Белек кылуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белек кылуучунун аты-жөнү], [Белек кылуучунун туулган күнү], ИЖН[Белек кылуучунун ИЖН], паспорттук дайындар[Белек кылуучунун паспорттук дайындары], жашаган дареги: [Белек кылуучунун жашаган дареги], мындан ары “Белек кылуучу” деп аталып, бир тараптан, акыл-эси жайында жана эс тутуму тунук абалда,
жана [Белекке алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Белекке алуучунун аты-жөнү], [Белекке алуучунун туулган күнү], ИЖН [Белекке алуучунун ИЖН], паспорттук дайындар [Белекке алуучунун паспорттук дайындары], жашаган дареги: [Белекке алуучунун жашаган дареги], ата-энесинин макулдугу менен иш алып барган: [Ата-энесинин аты-жөнү, ИЖН, паспорттук дайындары, жашаган дареги], мындан ары “Белек алуучу” деп аталып, экинчи тараптан, мындан ары биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө өз ара ушул Келишимди түздүк:
Мен, Белек кылуучу N [Кварталдын номери] кварталда, [Батирдин дареги] дарегинде жайгашкан пайдалуу аянты [Батирдин пайдалуу аянты (чарчы метр)] чарчы метрди түзгөн батирди белекке бердим, ал эми Белек алуучу белекке алды.
Бул батир [Менчик укугун белгилеген документтин аталышы] ылайык Белек кылуучунун менчик укугуна таандык.
Тараптардын макулдашуусу боюнча батирдин наркы [Батирдин наркы (цифра жана жазуу менен)] сом өлчөмүндө аныкталды, ал Келишим түзүлгөн күнгө карата Тараптар тарабынан макулдашылды. Тараптардын бири-бирине доосу жок.
Мен, Белек алуучу берилген белекти кабыл алдым.
Азыркы мезгилге чейин ээликтен ажыратылып жаткан батир эч кимге сатылган эмес, күрөөгө коюлган эмес, талаш-тартышта жана тыюу салуу (камак) алдында турган эмес. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин биринчи беренесинин номери], [Граждандык кодекстин экинчи беренесинин номери]-беренелеринин мазмуну тараптарга түшүндүрүлдү.
Келишим түзүү боюнча чыгымдарды Белек алуучу төлөйт.
Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда алар аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратылбаганын, кол коюп жаткан Келишимдин маани-маңызын түшүнүүгө тоскоол болгон оорулардан жапа чекпегендигин, ошондой эле өздөрү үчүн өтө пайдасыз шарттарда бүтүм жасоого мажбурлаган жагдайлардын жоктугун билдиришти.
Бул келишимдин бир нускасы [Нотариалдык контордун аталышы] көктөмөсүндө сакталат, экинчиси - бирдиктүү каттоо органына жиберилет, үчүнчүсү - Белек алуучунун колуна берилет.
Белек кылуучу__________________________________________________________
Белек алуучу____________________________________________________________
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык контордун аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү, ошондой эле ээликтен ажыратылып жаткан батирдин [Белек кылуучунун аты-жөнү] таандыктыгы текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин каттоо жөнүндө беренесинин номери]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.
№ [Реестрдеги каттоо номери] менен реестрде катталды.
[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________