Загрузка…
КАРЫЗ АЛУУ КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата]
Мен, [Карыз берүүчүнүн жарандыгы бар мамлекет] жараны [Карыз берүүчүнүн аты-жөнү], [Карыз берүүчүнүн туулган күнү], жашаган дареги: [Карыз берүүчүнүн жашаган жери] мындан ары “Карыз берүүчү” деп аталып,
жана [Карыз алуучунун жарандыгы бар мамлекет] жараны [Карыз алуучунун аты-жөнү], [Карыз алуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Карыз алуучунун жашаган жери] мындан ары “Карыз алуучу” деп аталып, биргеликте Тараптар деп аталып төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Карыз берүүчү [Карыздын суммасы сан жана жазуу менен] өлчөмүндө акча каражатын Карыз алуучунун менчигине берет, ал эми Карыз алуучу көрсөтүлгөн сумманы ушул келишимде белгиленген мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттенет.
2. Карыз [Карызды төлөө мөөнөтү]. Акча каражаты өткөрүп берилген учурда, Карыз алуучу акча каражатын алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө тил кат берүүгө тийиш.
3. Карыз ушул Келишимдин 2-пунктунда белгиленген мөөнөт ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Карыз алуучу акча каражатын пайдалангандыгы үчүн Карыз берүүчүгө карыздын суммасынан [Пайыздык чен] ай сайын төлөөгө милдеттенет.
4. Карыз берилген карыздын валютасы менен кайтарылуусу зарыл.
5. Келишим боюнча төлөмдөр [Төлөм жүргүзүлүүчү жер] жүргүзүлөт. Карыз берүүчү карызга алынган каражаттардын (негизги сумманын) кайтарып берилишин жазуу жүзүндө тариздөөгө тийиш.
6. Карыз берүүчү карызды мөөнөтүнөн мурда жабууга каршы эмес.
7. Карыз алуучу келишимди аткаруу мөөнөтүн кечиктирсе, анын жоопкерчилиги колдонуудагы мыйзамга (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери]-беренеси) ылайык аныкталат.
8. Карыз алуучу келишимде белгиленген мөөнөттө карызын кайтарып бербесе, Карыз берүүчү ушул Келишим менен өндүрүп алууга укуктуу.
9. Келишим Карыз алуучу милдеттенмелерин толук аткарганга чейин күчүндө болот.
10. Келишимдин Тараптары нотариустун катышуусунда өздөрүнүн укук жөндөмдүүлүгүн, кол коюп жаткан келишимдин маңызын түшүнүүгө тоскоолдук кылган оору менен оорубай тургандыгын, ошондой эле өзүнө пайдалуу эмес шарттарда бүтүмгө кол коюуга мажбурлаган жагдайлар жоктугун билдиришти.
11. Ушул келишимде каралбаган жагдайлар, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат.
12. Тариздөө жана түзүү боюнча чыгашалар [Чыгашаларды көтөрүүчү тарап] жүктөлөт.
13. Бул Келишим 3 нускада түзүлдү, бир нускасы [Нотариалдык конторанын аталышы] көктөмөлөрүндө сакталат, калган эки нускасы Тараптарга берилет.
Тараптардын колу:
_______________________________________
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди мен [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге тараптар менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги номер] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________