ТОВАРДЫН (ПРОДУКЦИЯ) ПАРТИЯСЫН САТЫП АЛУУ-САТУУ
КЕЛИШИМИ
Мен, [Сатуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Сатуучунун аты-жөнү], [Сатуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Сатуучунун жашаган дареги], [Директордун атынан иш алып баруунун негизи (Уставдын, Жобонун)] негизинде директордун атынан иш алып барган, мындан ары “Сатуучу” деп аталып, бир тараптан,
жана [Сатып алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Сатып алуучунун аты-жөнү], [Сатып алуучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Сатып алуучунун жашаган дареги], мындан ары “Сатып алуучу” деп аталып, экинчи тараптан, мындан ары биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк.
I. Келишимдин предмети
1.1. Товар сатуучунун менчик укугуна таандык, күрөөгө, камакка алынган эмес, үчүнчү жактардын доо арызынын предмети болуп саналбайт.
Сатуучу өзүнө таандык товардын партиясын Сатып алуучунун менчигине өткөрүп берүүгө милдеттенет, ал эми Сатып алуучу бул товарды кабыл алууга жана ага төлөөгө милдеттенет.
1.2. Товар жөнүндө маалымат:
- Даярдоочу [Даярдоочунун (ишкananын) толук аталышы]
- товардын аталышы, толуктугу жана сапаты [Товардын аталышы, толуктугу жана сапаты]
- өлчөө бирдиги [Өлчөө бирдиги]
- бирдик үчүн баасы [Бирдик үчүн баасы]
- товардын бирдигинин саны [Товардын бирдигинин саны]
- кошумча нарк салыгы [Кошумча нарк салыгы]
- пайдалануунун кепилденген мөөнөтү (сактоо, жарактуулугу) [Пайдалануунун кепилденген мөөнөтү (сактоо, жарактуулугу)]
II. Товарды өткөрүп берүү шарттары жана эсептешүүлөр
2.1. Товарды өткөрүп берүү мөөнөтү товарга төлөнгөн учурдан тартып [Товарды өткөрүп берүү мөөнөтү]. Сатуучу келишимге кол коюлган учурдан тартып, товарды мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүүгө укуктуу.
2.2. Транспорттун түрү жана өткөрүп берүү базиси [Транспорттун түрү жана өткөрүп берүү базиси]
2.3. Таңгагы жана маркалоо[Таңгагы жана маркалоо (идиштин түрү, маркалоо сыпаттамасы)]
2.4. Төлөө мөөнөтү [Төлөө мөөнөтү]
2.5. Төлөө тартиби [Төлөө тартиби]
2.6. Төлөө формасы [Төлөө формасы]
2.7. Сатып алуучу Сатуучунун дарегине төлөм которулгандыгы тууралуу [Төлөм которулгандыгы тууралуу билдирүү мөөнөтү] мөөнөтүндө билдирүүгө милдеттүү. Билдирүү тапшыруу тууралуу буйрутма билдирүү аркылуу жөнөтүлөт. Сатуучу билдирүүнү албаган учурда, төлөө мөөнөтү өткөндөн кийин [Товарды сатууга укуктуу күндөрдүн саны] күн ичинде товарды өз каалоосуна жараша сатууга укуктуу.
III. Кепилдиктер жана жоопкерчилик
3.1. Сатуучу Келишимге кол койгондон кийин белгиленген мөөнөттө [Товарды өткөрүп берүү мөөнөтү (Келишимге кол койгондон кийин)] товарды өткөрүп берүүгө кепилдик берет.
Сатып алуучу товарды өз убагында кабыл алууга жана төлөөгө кепилдик берет. [Сатып алуучунун кошумча кепилдиктери]
Кепилдикти ар бир тарап жазуу жүзүндө берет жана ушул Келишимге тиркелет.
3.2. Сатуучу товарды өткөрүп берүүнү кечиктиргендиги жана толук өткөрүп бербегендиги үчүн Сатып алуучуга ар бир кечиктирилген күн үчүн төлөнбөгөн товардын наркынын [Сатуучунун үстөк айыбынын өлчөмү (%)] % өлчөмүндө үстөк айып төлөйт.
3.3. Сатып алуучу товарды кабыл алуудан же төлөөдөн негизсиз баш таркан учурда, ошондой эле товарга өз учурунда же толук төлөбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн төлөнбөгөн товардын наркынын [Сатып алуучунун айып пулунун өлчөмү (%)] % өлчөмүндө айып пул төлөөгө тийиш.
3.4. Сатып алуучу товарды Сатуучунун кампасынан өз учурунда алып кетпегендиги үчүн, эгерде бул Тараптардын макулдашуусунда каралса, айып пул менен катар эле Сатуучуга товарды сактоого кеткен чыгымды анын наркынын [Товарды сактоого кеткен чыгымдын өлчөмү (%)] % өлчөмүндө төлөп берет.
3.5. Эгерде Тараптардын бири ушул Келишим боюнча милдеттенмесин аткаруудан негизсиз баш тартса, күнөөлүү Тарап алынбай калган пайдага кошуп, чыгымдарды толугу менен төлөп берет.
3.6. Түшкөн товардын сапатсыз экендиги аныкталса, Сатып алуучу бул тууралуу аныкталган учурдан тартып [Сапатсыз товар тууралуу билдирүү мөөнөтү (саат)] саат ичинде Сатуучуга билдирүүгө милдеттүү. Продукцияны жана товарларды кабыл алуу тартиби жөнүндө нускамага ылайык, товар сапаты боюнча кабыл алынат.
IV. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
4.1. Бул Келишим мыйзамда каралган негиздер боюнча же Тараптардын макулдугу боюнча өзгөртүлүшү, токтотулушу же жараксыз катары таанылышы мүмкүн.
4.2. Тараптардын ортосундагы талаш маселе боюнча макулдашуу жолу менен жөнгө салынбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
Тараптардын маалым даректери жана колу:
Сатуучу: Почта дареги жана индекси [Сатуучунун почта дареги жана индекси] Телеграф
Эсептешүү эсеби
Жүк жөнөтүүчүнүн аталышы, дареги, транспорттук маалым даректери [Сатуучунун жүк жөнөтүүчүсүнүн аталышы, дареги, транспорттук маалым даректери] колу______________ __________МО_______ | Сатып алуучу: Почта дареги жана индекси [Сатып алуучунун почта дареги жана индекси] Телеграф
Эсептешүү эсеби
Жүк жөнөтүүчүнүн аталышы, дареги, транспорттук маалым даректери [Сатып алуучунун жүк жөнөтүүчүсүнүн аталышы, дареги, транспорттук маалым даректери] колу______________ МО |
Эскертүү: Сатуучу же Сатып алуучу жеке жак болсо, анын аты-жөнү, паспортунун сериясы, №__, качан жана ким тарабынан берилгендиги, кайсы дарекке катталгандыгы көрсөтүлөт.
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди мен [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги катталган номери] менен реестрде катталды.
[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________