Загрузка…
Юридикалык жактын мүлкүндөгү үлүштү
башкарууга ишеним көрсөтүү
КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата]
Биз, Башкарууга ишеним көрсөтүүнү уюштуруучу - [Уюштуруучунун жарандыгы болгон мамлекеттин аталышы] жараны [Уюштуруучунун аты-жөнү], [Уюштуруучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Уюштуруучунун жашаган жери], мындан ары “Уюштуруучу” деп аталып, бир тараптан, жана
[Башкаруучунун жарандыгы болгон мамлекеттин аталышы] жараны [Башкаруучунун аты-жөнү], [Башкаруучунун туулган күнү], жашаган дареги: [Башкаруучунун жашаган жери] жеке ишкер, мындан ары “Башкаруучу” деп аталып (мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү [Башкаруучунун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн берилген күнү жана номери]), экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып,
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин [Жарандык кодекстин беренесинин номери]-беренесине таянуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишим предмети
1.1. Башкарууга ишеним көрсөтүүнү уюштуруучу катары [Юридикалык жактын аталышы] Уставдын капиталында [Үлүштүн акча эквиваленти] түзгөн [Үлүштүн өлчөмү] өлчөмүндө үлүшкө ээ жаран [Уюштуруучунун аты-жөнү] саналат, бул [Юридикалык жактын аталышы] уюштуруу келишими жана Уставы, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү [Бул документти берген орган, ал берилген күнү жана номери] менен тастыкталат.
1.2. Башкарууга ишеним көрсөтүүнү уюштуруучу өз мүлкүн Башкаруучуга [Мөөнөт] мөөнөткө өткөрүп берет, ал эми Башкаруучу [Юридикалык жактын аталышы] мүлкүндөгү үлүштү ишенимдүү башкарууга кабыл алат.
1.3. Келишим боюнча пайда алуучу катары - [Пайда алуучунун аты-жөнү], [Пайда алуучунун туулган күнү] саналат.
1.4. Пайда алуучунун кызыкчылыктары деп төмөнкүлөрдү түшүнүү зарыл:
- башкарууга өткөрүп берилген [Юридикалык жактын аталышы] мүлкүндөгү үлүшүн сактоо жана көбөйтүү,
- үлүштү башкаруудан кирешени көбөйтүү,
- үлүштү башкаруу боюнча чыгымдарды азайтуу.
1.5. Келишим боюнча укуктар үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилбейт.
2. Башкаруучунун функциялары, укуктары жана милдеттери.
2.1. Мүлктү Башкаруучу ишеним көрсөтүлгөн башкарууга өткөрүп берүүгө ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде, уюмдарда, органдарда Уюштуруучунун кызыкчылыгында иш алып барат,
- зарыл учурларда [Юридикалык жактын аталышы] Уюштуруучуларынын жалпы жыйынын чакыртуу жөнүндө сунуш киргизет.
2.2. Башкаруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- мүлктү ишеним көрсөтүлгөн башкарууда менчик ээсинин мүлктөгү үлүшүн башкаруу жагында бардык укуктарын жүзөгө ашыруу,
- Уюштуруучунун кызыкчылыгында үлүштү башкаруу боюнча кайсы болбосун юридикалык жана айкын иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу,
- [Юридикалык жактын аталышы] Уюштуруу документтеринде каралган Уюштуруучунун бардык укуктарын жүзөгө ашыруу,
- [Юридикалык жактын аталышы] Уюштуруучуларынын жалпы жыйынын компетенциясына кирген бардык маселелерди чечүүгө катышуу,
- келишим түзүү учуруна карата [Юридикалык жактын аталышы] иши жөнүндө толук маалымат алуу,
- ишеним көрсөтүлгөн башкаруудагы мүлк боюнча укуктарды коргоо үчүн бузууга жол берилген укуктарды четтетүүнү талап кылуу,
- Уюштуруучунун макулдугу боюнча үлүштү башкаруу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди анын атынан жүзөгө ашырууну башка жакка тапшыруу. Мында, Ишеним көрсөтүлгөн башкаруучу ал өзү тандаган ишенимдүү жактын иш-аракеттери үчүн жеке өзү жооп берет,
- сотто кайсыл болбосун субъекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, [Юридикалык жактын аталышы] уюштуруу документтерин бузуу менен кабыл алынган, Уюштуруучунун укуктары менен кызыкчылыктарын басмырлоочу чечимдерге даттануу менен кайрылуу.
2.3. Башкаруучуга ишеним көрсөтүлгөн тескөөсүндө турган Уюштуруучунун мүлкүнүн эсебинен өзүнүн карыздарына жооп бербейт, ошондой эле Уюштуруучу да өзүнүн карыздарын Башкаруучунун мүлкүнүн эсебинен жооп бербейт.
2.4. Башкаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ишеним көрсөтүлгөн башкарууга өткөрүлүп берилген мүлк менен бүтүмдөрдү өз атынан гана ишке ашырууга, мында ал ишенимдүү башкаруучу катары иш алып барып жаткандыгын көрсөтүүсү зарыл. Иш-аракеттерди жүргүзүүдө Башкаруучу аталышынан кийин “И.Б.” деген белги коюлса бул шарт аткарылган катары эсептелинет;
- үлүштү башкаруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда пайда алуучунун кызыкчылыктарын эске алуу, аяр мамиле кылуу жана ишин билүү зарыл;
- ишеним көрсөтүлгөн башкарууну жеке өзү жүзөгө ашыруу;
- үлүштү ишенимдүү башкаруу боюнча тарткан чыгымдардын суммасын кошпогондо, пайда алуучуга үлүштү ишенимдүү башкаруудан алынган бардык пайданы жана кирешени (акча каражаттары) которуу.
3. Башкаруучунун ыйгарым укуктарын чектөө.
3.1. Башкаруучу башкаруу ишеним көрсөтүү келишими боюнча өз милдеттерин аткаруу процессинде төмөнкүлөргө укугу жок:
- үчүнчү жактарга ушул келишим боюнча берилген укуктарды ишеним менен өткөрүп берүүгө;
- анда Башкаруучу бир эле учурда экинчи жактын өкүлү, комиссионери, агенти катары иш алып барган бүтүмдөргө келишүүгө.
4. Башкаруучунун отчет берүүсү жана пайда алуучуга киреше (пайда) төлөө тартиби.
4.1. Башкаруучу отчетту [Отчет берүү тартиби] башкарууну уюштуруучуга берет
4.2. Отчет башкарууну уюштуруучуга жайгашкан жери боюнча почта аркылуу жөнөтүлөт же жеке өзүнө тапшырылат.
4.3. Отчетто төмөнкү маалымат камтылууга тийиш:
- Башкаруучу отчеттук мезгил ичинде алган кирешелер (пайда) (отчет түзүлгөн датага карата),
- үлүштү ишенимдүү башкаруунун жүрүшү жөнүндө.
4.4. Башкаруучу үлүштү ишенимдүү башкаруудан алган пайда Башкаруучу [Юридикалык жактын аталышы] пайдасы чейректин жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүлгөндөн кийин [Пайданы төлөө тартиби] ылайык пайда алуучуга которулат.
5. Башкаруучуга сый акы төлөө
5.1. Ишенимдүү башкаруу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн Уюштуруучу Башкаруучуга [Сый акы өлчөмү] өлчөмүндө ар айлык сый акы төлөйт.
5.2. Ушул келишимдин 5.1-пунктунда белгиленген сый акы, Башкаруучу ушул келишимдин 4-бөлүгүндө белгиленген чейректик (же жылдык) отчетту тапшыргандан кийин [Сый акы төлөө мөөнөтү] ичинде Башкаруучуга төлөнүп берилет.
6. Тараптардын жоопкерчилиги.
6.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6.2. Башкаруучу ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык чечимдерди аткаргандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
6.3. Мүлктү башкарууда пайда алуучунун кызыкчылыктарына талаптагыдай көңүл бурбаган Башкаруучу ушул келишим боюнча өз милдеттерин аткарбагандыгынын же так аткарбагандыгынын натыйжасында келтирилген зыян үчүн материалдык жоопкерчилик тартат.
7. Келишимдин мөөнөтү жана токтотуу.
7.1. Бул келишим [Келишим мөөнөтү] мөөнөткө түзүлдү.
7.2. Бул келишимдин кайсыл болбосун тарабы келишим түзүлгөн жана анда көрсөтүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде бир ай мурда мөөнөт өткөндөн кийин экинчи тарапка бул келишимди токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Келишимди токтотуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлбөсө, келишим ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда узартылган катары эсептелинет.
7.3. Келишим төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- тараптардын макулдашуусу боюнча,
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренелеринин номерлери]-беренелеринде каралган негиздер боюнча,
- кайсы болбосун тараптын демилгеси боюнча 1 (бир) ай мурда экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык бир тараптуу тартипте.
8. Корутунду жоболор.
8.1. Бул Келишим боюнча бардык талаш маселелерди тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу чечишет. Өз ара макулдаша албаса, талаш маселе жоопкер жайгашкан жер боюнча соттун кароосуна өткөрүлөт.
8.2. Бул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын макулдугу менен жазуу жүзүндө киргизилет жана ага эки тарап тең кол коет. Жазуу жүзүндө форма жана ушул келишимге карата өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго кол коюу шарттары сакталбаса, алар анык эмес катары таанылат.
8.3. Келишим бирдей күчкө ээ эки нускада түзүлдү.
8.4. Келишим Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
Тараптардын колу:
Уюштуруучу
|
| Башкаруучу
|
[Келишим күбөлөндүрүлгөн дата] ушул Келишимди мен, [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________