Загрузка…
БУЙРУК
ПРИКАЗ
[Буйруктун датасы]Бишкек ш.
№ [Буйруктун номери]
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин [Жумушчу топ түзүү тууралуу буйруктун датасы] № [Жумушчу топ түзүү тууралуу буйруктун номери] “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Маалымат берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Маалымат берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топко бизнес-коомчулуктун башка кызматкерлерин тартуу зарылдыгына байланыштуу буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин [Жумушчу топ түзүү тууралуу буйруктун датасы] № [Жумушчу топ түзүү тууралуу буйруктун номери] “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Маалымат берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктта:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген жумушчу топтун курамына “[Курамга киргизилүүчүнүн уюмунун аталышы]” жоопкерчилиги чектелген коомунун [Курамга киргизилүүчүнүн кызмат орду] [Жумушчу топтун курамына киргизилүүчүнүн аты-жөнү] киргизилсин;
[Жумушчу топтун курамынан чыгарылуучунун аты-жөнү] жогоруда аталган жумушчу топтун курамынан чыгарылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
“3. Ушул буйрук менен бекитилген жумушчу топтун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Маалымат берүү кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүгө жумушчу топтун төрагасынын оозеки макулдугу менен башка кызматкерлерди тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин иш кагаздары менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин [Жумушчу топ түзүү тууралуу буйруктун датасы] № [Жумушчу топ түзүү тууралуу буйруктун номери] 1-пунктунда көрсөтүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрүнө жиберсин.
Негизи: Кыргыз Республикасынын Байланыш операторлорунун ассоциациясынын [Негиз болгон каттын датасы] № [Негиз болгон каттын номери] каты.
[Кол коюучунун кызмат орду] (колу) [Кол коюучунун аты-жөнү]