БУЙРУК
ПРИКАЗ
[Буйруктун датасы]Бишкек ш.
№ [Буйруктун номери]
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Борбордук аппаратынын ички эмгек тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө
Иштин натыйжалуулугуна, жумуш убактысын үнөмдүү пайдаланууга, эмгек тартибин чыңдоого көмөк болуучу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары – Министрлик) кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруудагы пикир алышуу менен этика маданиятын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Министрликтин [Жамааттык келишимдин жылы]-жылдын [Жамааттык келишимдин күнү (август айы)]-августундагы Жамааттык келишимине ылайык буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык Министрликтин ички эмгек тартибинин эрежеси бекитилсин.
2. Министрликтин кадрлар бөлүмү буйрук менен кызматкерлерди тааныштырсын.
3. Министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички эмгек тартибинин эрежелерин сактабагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
4. Сырткы келбетке карата талап Министрликтин бардык кызматкерлерине, ошондой эле:
- Министрликтин имаратында жайгашкан ведомстволук бөлүктөрдүн жетекчилерине жана кызматкерлерине;
- иш сапар менен келген кызматкерлерге, такшалмада жүргөндөргө, практиканттарга жана ишке тартылган адамдарга жайылтылат. Алардын сырткы келбети үчүн жоопкерчилик Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилерине жүктөлөт.
5. Министрликке келгендерге кийимдин иштиктүү стилин сактоо сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин [Мурдагы буйруктун жылы]-жылдын [Мурдагы буйруктун күнү (декабрь айы)]-декабрындагы №[Мурдагы буйруктун номери] “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Борбордук аппаратынын ички эмгек тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Буйруктун аткарылышын контролдоо [Контролдоо жүктөлгөн адам] жүктөлсүн.
[Кол койгондун кызмат орду] (колу) [Кол койгондун аты-жөнү]