Загрузка…
ПОЛНОМОЧНЫЙ ПРЕДСТАВИТЕЛЬ ПРЕЗИДЕНТА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ В НАРЫНСКОЙ ОБЛАСТИКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН НАРЫН ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси [Министрлер Кабинетинин төрагасынын баш тамгалары жана фамилиясы (тиешелүү жөндөмөдө)] Нарын облусуна болгон иш сапарында тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен болгон чогулушунун
с т е н о г р а м м а с ы
[Жыйын өткөн шаар] шаары
[Жыйындын датасы].
Төрагалык кылган: Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү [Төрагалык кылган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнү].
Чакырылгандар:Нарын шаарынын мэри, Нарын, Ат-Башы, Кочкор районунун акимдери, тиешелүү облустук күч органдарынын жетекчилери жана аппараттагы башкармалыктын башчылары, бөлүм башчылары.
УГУЛДУ: Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү [Төрагалык кылган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнү]:
- Саламатсыздарбы, Урматтуу жыйындын катышуучулары!
Бүгүнкү жыйынга КР Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси [Министрлер Кабинетинин төрагасынын толук аты-жөнү] атайын иш сапар менен келип катышууда.
Урматтуу [Министрлер Кабинетинин төрагасынын аты жана атасынын аты (кайрылуу үчүн)], жыйынга облустук күч жана жергиликтүү түзүмдүк бөлүмдөр катышып жатат. Анда 16-февралдан баштап Бишкек-Торугарт автожолунда түзүлгөн кырдаал жана аткарылган иштер боюнча маалымат берип коюуга уруксат берсеңиз.
Түзүлгөн кырдаалга жана облустун башка аймактарында да кар көчкүлөрдүн түшүү коркунучу болгондуктан, облустук Жарандык коргонуу башчысынын [Облустук Жарандык коргонуу башчысынын буйругунун номери жана датасы] буйругу менен Нарын облусунун аймагына “Өзгөчө кырдаал режими” киргизилип, бардык кызматтар, мекеме-ишканалар өзгөчө кырдаал режиминде иштөө тартибине өткөрүлүп, протоколдук тапшырмалар берилген жана аткарууга алынган.
17-февралдан баштап облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Оттук айылына көчмө пост уюштурулган, ӨКМ тарабынан 2 чатыр тигилген, чек ара аскер бөлүгүнөн талаа ашканасы алынып келинген, жергиликтүү элдин, мекемелердин жардамы менен ошол жерде туруп калган элге ысык тамак ж.б., саламаттык сактоо тарабынан тез жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулган.
Ушул өзгөчө кырдаал киргизилгенден баштап, [Министрлер Кабинетинин төрагасынын аты жана атасынын аты (кайрылуу үчүн)] биз бир нече көйгөйлөргө дуушар болдук. Ошол көйгөйлөрдү да айтып өтсөк.
Автожол мамлекеттик ишканасы тарабынан колдон келишинче техника тартылды бирок, техника менен камсыздоо жагында бизде абдан эле проблемалар көп экен.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы учурда [Тейлене турган автожолдун узундугу, чакырым] чакырым автожолду тейлейт. Мекемеге акыркы жолу кошумча жаңы техникалар 2013-жылы келип, эскиргендиктен жана 2023-жылга каралган Нарын облусунун аймактарындагы жумуштарды убагында сапаттуу аткарууну камсыз кылуу, Президенттин көзөмөлүндө турган Нарын – Баетов автожолунун асфальт төшөө жумуштары 2023-жылдын планына каралгандыктан, төмөндөгү кошумча жаңы жол куруу техникаларын алуу зарыл болууда. [Зарыл кошумча техникалардын тизмеси жана саны].
Мында биз ички резервдер менен, жеке менчик ишканалардын техникаларын да тартып, 2-3 күндүн ичинде абалды стабилдештиргенге жетиштик. Менин кыскача маалыматым бүттү.
УГУЛДУ: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси [Министрлер Кабинетинин төрагасынын баш тамгалары жана фамилиясы]:
Рахмат, Нарында мурундан бери эле кар жаайт. Бирок түзүлгөн өзгөчө кырдаалда техникаларды мобилизация кылып, элди да кыйнабай, тамак-ашынан бери даяр кылып иштеп бердиңиздер. Нарын облусунун элинен кыйналып атабыз деген арыз-даттануу, суроо-талап келип түшкөн жок. Бирок мындан да ыкчам иштешибиз керек.
Биз быйыл Президентибиздин тапшырмасы менен [Техника алууга бөлүнгөн каражаттын суммасы] каражатка жолчуларга жаңы техникаларды алып берген атабыз, буюрса сиздер айткан сандар менен болбосо дагы Нарын облусу негизги техникалар менен камсыздалат.
Ошонун алкагында ӨКМ министри, сизден суранып кетейин, кар көчкү түшүп калганда бул тараптан жол каралбай калат экен, Долондун берки бетине да пункттарды ачыңыз. Бизге эсептерин бериңиз, тиешелүү зарыл техникаларды алып келип бериш керек. Мен билгени көптөн бери эле көтөрүлүп келаткан маселе, чечилбей келе жатат. Чечкенге аракет кылабыз.
Сөз жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү [Төрагалык кылган ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнү]:
Өзгөчө кырдаал режимине тиешелүү аткарыла турган иштер боюнча өзүбүздүн көйгөйлөрдү айтып алдык, жалпысынан биздеги аймак боюнча азырынча кырдаал ушундай. Ар бир кызматкер өзүнүн иш милдеттерин аткарып жатат. Айтылган маселелер боюнча суроолор жок болсо анда чогулушту жабык деп жарыялайм!
Саламатта калыңыздар!