Калыпты жүктөө

БУЙРУК

ПРИКАЗ

[Буйруктун датасы]№[Буйруктун номери] Бишкек ш.

 

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу маселелери менен  кайрылган жарандардын документтерин кароо мөөнөттөрүнүн сакталуусун  инвентаризациялоо жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин [Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө буйруктун датасы] №[Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө буйруктун номери] буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын кызматтык иликтөөсүнүн корутундусундагы чечимдерди  аткаруу максатында буйрук кылам: 

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине

караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) жарандык бөлүмү Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу маселелери менен  кайрылган жарандардын документтерин кароо мөөнөттөрүнүн сакталуусун  инвентаризациядан өткөрүү иштерин жүргүзсүн. 

2. Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрү [Региондор аралык бөлүмдөр жыйынды таблицаны берүү мөөнөтү (кайсы датага чейин)] чейин [Текшерилүүчү мезгилдин баштапкы жылы]-жылдан [Текшерилүүчү мезгилдин акыркы жылы]-жылга чейинки документтердин инвентаризациясынын жыйынды таблицасын тиркемеге ылайык түзүп чыксын жана Департаменттин дарегине жөнөтсүн.

3. Департаменттин жарандык бөлүмү [Жарандык бөлүм жалпы корутунду чыгаруу мөөнөтү (кайсы датага чейин)] чейин маалыматтардын жалпы корутундусун чыгарып,    Департаменттин региондор аралык бөлүмдөрү менен биргеликте кароо мөөнөттөрү бузулган ар бир документке карата тиешелүү иштерди жүргүзсүн.   

4. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Тиркеме 1 б.

 

 

[Буйрукка кол коюучу жетекчинин кызмат орду] (колу) [Жетекчинин аты-жөнү]