БУЙРУК
ПРИКАЗ
[Буйруктун датасы]№[Буйруктун номери] Бишкек ш.
Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана документтеширүү боюнча [План бекитилүүчү жыл]-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин [Президенттин Жарлыгынын жылы]-жылдын
[Жарлыктын февраль айындагы күнү]-февралындагы ПЖ № [Жарлыктын номери («ПЖ №» кийин)] “Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жарандыгы жок адамдардын санын азайтуу максатында буйрук кылам:1. Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана документтеширүү боюнча [План бекитилүүчү жыл]-жылга карата иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) борбордук аппаратынын жарандык бөлүмүнүн, миграция бөлүмүнүн, архив иштери бөлүмүнүн, калкты документтештирүү бөлүмүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрдүн башчылары:
- Планды аткарууга кабыл алышсын;
- Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмү отчеттук мезгилдин кийинки айдын 1инен кечиктирбестен Пландын аткарылышы боюнча ай сайын маалымат берсин.
3. Департаменттин мониторинг жана уюштуруу бөлүмү отчеттук мезгилдин кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Департаменттин жетекчилигине Пландын аткарылышы боюнча ай сайын маалымат берип турсун.4. Пландын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы боюнча жеке жоопкерчилик Департаменттин борбордук аппаратынын жарандык бөлүмүнүн, миграция бөлүмүнүн, архив иштери бөлүмүнүн, калкты документтештирүү бөлүмүнүн жана региондор аралык бөлүмдөрдүн башчыларына жүктөлсүн.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
[Буйрукка кол коюучу жетекчинин кызмат орду] (колу) [Жетекчинин аты-жөнү]