Загрузка…
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/мобилдик тиркеме аркылуу “Жарандык абалдын документтерин санариптештирүү” кызматы боюнча баяндама
1. Арыз берүүчү кызматты тандайт – жарандык абалдын актысын электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (ЭКМП) аркылуу санариптештирүүгө арыз берет.
2. Арыз берүүчү Бирдиктүү идентификациялоо системасында (БИС) авторизациядан өтөт.
3. БИСте эсептик жазуу болбогон учурда, БИСте катталуу жол-жобосунан өтүү сунушталат, БИСте катталгандан кийин кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ЭКМПга жөнөтүлөт.
4. Суроо-талапты толтуруу ИЖН киргизүү жолу менен ишке ашырылат, ИЖН киргизилгенден кийин аты-жөнү, туулган датасы жүктөлөт, суроо-талаптын талаачасы толтурулгандан кийин жазуунун бардыгын текшерүү үчүн “андан ары” басмагы чыгат.
5. Сервис жарандык абалдын актыларын жазуулардын бардыгын “ЖААК” АМСте текшерет.
6. Жарандык абалдын актыларын жазуу “ЖААК” АМСте болбогон учурда жарандык абалдын актысы катталган жери боюнча РАБ бөлүмүнө жазууну издөө жана аны санариптештирүү боюнча суроо-талап жөнөтүлөт.
7. Арыздагы маалыматтар текшерүүдөн өткөндөн кийин РАБ кызматкери суроо-талапты кабыл алгандыгын тариздейт. Арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү жарандын жеке кабинетине жөнөтүлөт.
8. РАБ суроо-талапты 3 жумуш күнү ичинде карайт.
Толтурулуучу талаачалар:
№
| Талаачанын аталышы | Милдеттүүлүгү |
1. | Жарандык абалдын актыларын жазуу: - туулгандыгы жөнүндө; - никеге тургандыгы жөнүндө; - аталыгын аныктагандыгы жөнүндө; - никенин бузулгандыгы жөнүндө; - аты-жөнү өзгөртүлгөндүгү жөнүндө; - өлгөндүгү тууралуу; | Милдеттүү түрдө |
2. | Жарандык абалдын актылары катталган жери (РАБ, айыл аймагы). | Милдеттүү түрдө |
3. | Туулгандыгы жөнүндө: арыз ээсинин аты-жөнү же баланын аты-жөнү; Никеге тургандыгы жөнүндө: жубайлардын биринин аты-жөнү; Никенин бузулгандыгы жөнүндө: мурдагы жубайлардын биринин аты-жөнү; Аты-жөнү өзгөртүлгөндүгү жөнүндө: аты-жөнүн өзгөрткөн адамдын аты-жөнү; Өлгөндүгү тууралуу: өлгөн адамдын аты-жөнү; Аталыгын аныктагандыгы жөнүндө: баланын аты-жөнү; Асырап алгандыгы жөнүндө: баланын аты-жөнү. |
Милдеттүү түрдө |
4. | ИЖН: Туулгандыгы жөнүндө: баланын ИЖНи; Никеге тургандыгы жөнүндө: жубайлардын биринин ИЖНи; Никенин бузулгандыгы жөнүндө: мурдагы жубайлардын биринин ИЖНи; Аты-жөнү өзгөртүлгөндүгү жөнүндө: аты-жөнүн өзгөрткөн адамдын аты-жөнү; Өлгөндүгү тууралуу: өлгөн адамдын аты-жөнү; Аталыгын аныктагандыгы жөнүндө: баланын ИЖНи; Асырап алгандыгы жөнүндө: баланын ИЖНи.
|
Милдеттүү түрдө
|
5. | Күбөлүктүн берилген датасы; Күбөлүктүн номери; Күбөлүктүн сериясы; Күбөлүктү берген орган; | Милдеттүү түрдө |
6. | Арыз ээсинин телефонунун номери | Милдеттүү түрдө |
7. | Документти сканерлөө | Милдеттүү түрдө |
8. | Электрондук дарек | Милдеттүү эмес |
Арыз ээсине келүүчү билдирүүлөр
Биринчи билдирүү:
“Сиздин арызыңыз кабыл алынды жана 3 жумуш күнү ичинде каралат”.
Экинчи билдирүү:
“Сиздин арызыңыз каралды, “ЖААК” АМСте жарандык абалдын актыларын жазуулар санариптештирилди”.
Арыз кароосуз кайтарылган учурда:
Кайтаруунун себеби[Кайтаруунун себеби]. Кайтаруунун себеби менен чогуу арыз ээсине төмөнкүдөй билдирүү келет: “Бул кызматты алуу үчүн жаңы арыз жазуу керек”.
Жарандык абалдын актыларын жазуу табылбаган учурда:
“Архивде жарандык абалдын актыларын жазуу жок, сиз Калкты тейлөө борборуна “Жазуунун жоктугу жөнүндө билдирүүнү” тариздөө үчүн кайрылышыңыз керек.