Загрузка…
Кварталдык жана үй комитеттеринин төрагаларына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
келишим
1. Келишимдин Тараптары
1. Бишкек шаарынын мэриясынын № 12 муниципалдык аймактык башкармалыгынын (мындан ары - МАБ) атынан Жобонун негизинде иш алып барган башчы[МАБ башчысынын аты-жөнү] бир тараптан жана [Кварталдык (үй) комитеттин аталышы же номери] (мындан ары - Комитет), атынан [Жалпы чогулуштун протоколунун датасы] жалпы чогулуштун протоколунун негизинде иш алып барган төрага[Комитеттин төрагасынын аты-жөнү]экинчи тараптан, биргелешип Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
II. Келишимдин предмети
2. № 12 МАБ Комитетке төмөнкү ыйгарым укуктарды аткаруу укугун берет:
1) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү эсепке алуу чөйрөсүндө:
- тизмелерди түзүүнүн белгиленген формасына ылайык жашаган жери, турган жери жана жашаган фактысы боюнча катталган жарандардын, анын ичинде балдардын төрөлгөндөн тартып 16 жашка чейин эсебин жүргүзүү.
2) мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды системалуу эсепке алуу чөйрөсүндө:
- белгиленген формаларга ылайык бекитилген аймакта туруктуу жана убактылуу негизде жашаган, төрөлгөндөн тартып 16 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн тизмесин эсепке алуу жана МАБга берүү.
3) башка ыйгарым укуктар (администрациялык райондун башчысы же МАБдын башчысы тарабынан аныкталган).
3. Комитет жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды өзүнүн жоопкерчилиги алдында аткарууга кабыл алат.
4. Келишимде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү үчүн бекитилген аймакта жайгашкан, тейленген үй ээлиги (көп батирлүү үйдөгү батир) үчүн 27 (24) сомду түзөт, эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнбөйт, өргүү жана өргүмө жөлөк пулдары берилбейт.
III. Тараптардын милдеттери
Жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн Келишимге кол койгон Тараптар төмөнкү милдеттенмелерди алышат:
5. МАБ милдеттенет:
1) өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө берилген отчетко ылайык Төрагага акы төлөөнү камсыздайт;
2) өткөрүп берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төрагага усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү боюнча ишти уюштурат.
6. Комитет милдеттенет:
- өзүнө берилген ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;
- социалдык чөйрөдөгү объекттерди кабыл алууга катышат;
- бекитилген аймакта көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо боюнча иштерди уюштурат;
- МАБга төмөнкү маалыматтарды берет:
- бекитилген аймакта жашаган каттоосу бар жана каттоосу жок тургундардын тизмесин;
- бекитилген аймакта балдарды окутуу боюнча чараларды көрүү үчүн жаңы көчүп келген 6 жаштан 16 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн тизмесин;
- 5 жаштан 16 жашка чейинки балдардын жана өспүрүмдөрдүн тизмесин жыл сайын 1-августка чейин тактайт жана 10-августтан кечиктирбестен 1-сентябрга карата 6 (7) жашка чыга турган балдардын тизмесин, ошондой эле калган жаш курагы боюнча окубаган балдардын тизмесин түзөт;
- кварталына 2 жолудан кем эмес МАБ уюштурган жолугушууларга катышат;
- жашаган фактысы боюнча жарандарды аныктоо комиссиясына катышат.
IV. Тараптардын жоопкерчилиги
7. Келишимдин шарттарын негиздүү себептерсиз аткарбагандыгы жана укуктарды басмырлагандыгы же материалдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
V. Келишимди колдонуу мөөнөтү
8. Келишимди колдонуу мөөнөтү бир жыл, эгерде Тараптардын бири Келишимди колдонуунун кезектеги мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай мурда бул жөнүндө экинчи Тарапка анын токтотулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анын колдонулушу кийинки жылга автоматтык түрдө узартылат.
VI. Келишим шарттарын өзгөртүү
13. Тараптар зарыл болгон учурда Тараптардын биринин демилгеси боюнча Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө болуп, Тараптар кол койгон учурда жарактуу болот.
VII. Тараптардын маалым даректери жана колдору
Бишкек шаарынын мэриясынын №12 муниципалдык аймактык башкармалыгы |
|
[Кварталдык (үй) комитеттин аталышы же номери] |
Дареги: Токтоналиев көчөсү, 6б
Башчы [Кол коюу күнү (МАБ)] [МАБ башчысынын аты-жөнү] (күнү, аты-жөнү, колу) |
| Дареги:
[Комитеттин дареги] [Кол коюу күнү (Комитет)] [Комитеттин төрагасынын аты-жөнү] (күнү, аты-жөнү, колу) |