Загрузка…
[Каттын датасы]№ [Каттын чыгыш номери]
[Кат жиберилүүчү органдын аталышы]
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн [Өкмөттүн токтомунун жылы]-жылдын [Өкмөттүн токтомунун күнү (декабрь)]-декабрындагы №[Өкмөттүн токтомунун номери] “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча [Кызматтар көрсөтүлө баштаган жыл]-жылдын
[Кызматтар көрсөтүлө баштаган күн (март)]-мартынан тартып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төмөндөгүдөй кызматтар көрсөтүлүүдө:
-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
-Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даяр болгон паспортту берүү;
-баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы жөнүндө күбөлүктү берүү;
- никени каттоо, ошондой эле нике жөнүндө күбөлүктү берүү;
- өлгөндүгүн каттоо, ошондой эле өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүү;
- жарандарды жашаган жери жана келген жери боюнча каттоо;
- “балага сүйүнчү” арызын каттоо;
- жарандарды жашаган жери боюнча жана турган жери боюнча каттоо эсебине алуу.Кыргыз Республикасынын Президентинин [Президенттин Жарлыгынын жылы]-жылдын [Президенттин Жарлыгынын күнү (декабрь)]-декабрындагы ПЖ №[Президенттин Жарлыгынын номери («ПЖ №» кийин)]“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, республикабыздын райондорунда бир канча айыл аймактары бириктирилди жана аталыштары өзгөрүлдү.Ошого байланыштуу [Келишимдер жиберилген жыл]-жылдын [Келишимдер жиберилген күн (апрель)]-апрелинде электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу бириктирилген айыл аймактарына чыгыш номери № [Биринчи санарип каттын чыгыш номери], № [Экинчи санарип каттын чыгыш номери] санарип каттары менен калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу тармагында айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү маселеси боюнча келишимдер жиберилген.
Коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында [Мүмкүнчүлүк жабылган жыл]-жылдын [Мүмкүнчүлүк жабылган күн (май)]-майынан баштап айыл аймактарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын жарандарын жашап турган жери боюнча жана турган жери боюнча каттоо эсебин тастыктоо жана дареги боюнча маалым каттарды берүү мүмкүнчүлүгү жабылган. Айыл аймактын кызматкерлери кабыл алган Кыргыз Республикасынын жарандарын жашап турган жери жана турган жери боюнча каттоого алууга келип түшкөн арыздар айыл аймактын жайгашкан жери боюнча Департаменттин региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 10-15 мүнөттүн ичинде тастыкталып турат.
Департамент, жогоруда келтирилген маалыматтардын негизинде, аталган өзгөрүүлөр тууралуу мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген айрым айыл аймактарын билдирип коюуну суранат.
[Кол койгондун кызмат орду](колу)[Кол койгондун аты-жөнү]
Атк. [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел.: [Аткаруучунун телефону]