Калыпты жүктөө

Калкты каттоо департаментинин “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу  Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери боюнча каттоого  онлайн арыз берүү кызматын көрсөтүү 

Кызматты колдонуу үчүн кыймылсыз мүлктүн ээси милдеттүү түрдө:

• “Түндүк” мобилдик тиркемесинин авторизацияланган пайдалануучусу болууга тийиш;

•мобилдик тиркемеде “жашаган жери боюнча онлайн каттоо” бөлүмүн тандап алат;

• андан ары турак жайдын ээси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (мындан ары – КБМР) камтылган жеке маалыматтар боюнча бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде идентификациядан өтөт;

•турак жайдын ээсине системадан ага тиешелүү турак жайлардын тизмеси чыгат (эгер болсо), анын ичинен менчик ээси каттоо үчүн арызды демилгелейт;

•система каттоо эсебине коюу үчүн ээсин, балдарын жана башка жарандарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат;

•турак жайдын ээси өзүнүн жеке кабинетинде билдирүү алат, андан кийин арызды ырастайт же четке кагат;

Кызматты колдонуу үчүн каттоодон өтүп жаткан жаран милдеттүү түрдө:

•“Түндүк” мобилдик тиркеменин авторизацияланган  колдонуучусу болууга тийиш;

•мобилдик тиркемеде “жашаган жери боюнча онлайн каттоо” бөлүмүн тандап алат;

•андан ары жаран КБМРде камтылган жеке маалыматтар боюнча бетинин графикалык сүрөтүнүн негизинде идентификациядан өтөт;

• каттоодон өтүп жаткан жаран маалымдамада талап кылынган талаачаларды толтуруусу керек (билими, үй-бүлөлүк абалы ж.б.);

•арыз ээси тарабынан бардык талаачалар толтурулгандан кийин, турак жайдын ээсине жашаган жери боюнча каттоону ырастоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт;

 

Арыз толтурулгандан жана жашаган жери боюнча катталгандыгы ырасталгандан кийин, каттоодон өтүп жаткан турак жайдын ээсине/арыз берүүчүгө арыз ийгиликтүү берилгендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт жана 1 жумуш күнү ичинде каралат.


Арыз  каралгандан кийин Департаменттин  кызматкери арызды тастыктайт жана жашаган жери боюнча ийгиликтүү каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирүү жөнөтөт же себебин көрсөтүү менен арызды артка кайтарат.     

Эскертүү: 18 жаштан 50 жашка чейинки аскерге милдеттүүлөр (чакырыла тургандар) аскердик билеттин (аскердик каттоо күбөлүгүнүн) биринчи барагын (Ф.А.А. жана фотосүрөтү) жана  2 барагын (аскердик каттоо жөнүндө белги), мурунку жашаган жери боюнча аскердик каттоодон чыккандыгы жана жаңы жашаган жери боюнча аскердик каттоого тургандыгы жөнүндө белгини сканерден өткөрүү зарыл.

Бул кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жашаган жери боюнча төмөнкүдөй шарттар менен  туруктуу катталууга мүмкүнчүлүк берет:

•жеке тарап болууга (юридикалык тараптар онлайн арызды бере албайт);

•мыйзамдуу турак жайдын документтеринин болушу;

•  арыз ээси “Консулдук эсепте” болбошу;

•  кыймылсыз мүлктүн жалгыз ээси болушу.