Загрузка…
Фирмалык бланк
[Чыгуучу каттын датасы] № [Чыгуучу каттын номери]
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты [Депутаттын аты-жөнү (барыш жөндөмөсүндө)]
Урматтуу [Кайрылуу үчүн депутаттын аты жана атасынын аты],
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, cиздин [Комитеттин жыйынынын датасы] Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында баатыр энелердин ордени эскирип, өңү өчүп калган учурда жаңылап берүү боюнча көтөргөн маселеңиз боюнча төмөнкүдөй маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына жана ардак наамдарына сунуш кылуунун, сыйлоонун, тапшыруунун, дубликаттарын берүүнүн, ыйгаруу жана сыйлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын (Кыргыз Республикасынын Президентинин [Жобону бекиткен Президенттин Жарлыгынын датасы] ПЖ № [Президенттин Жарлыгынын номери] Жарлыгы менен бекитилген) жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө жобого ылайык “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан төмөнкү документтер:
• Кыргыз Республикасынын Президентинин наамына сунуш;
• сыйлоо барагы;
• токтомдордон же коллегиалдуу органдын чечимдеринен көчүрмөлөр, сыйлоого сунушталган талапкерди талкуунун протоколдорунун көчүрмөлөрү;
• эмгек китепчесинин, паспорттун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, сиңирген эмгегин тастыктаган башка документтер (дипломдордун, сертификаттардын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, ардак наамдарына, ведомстволук сыйлыктарына документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү ж.б.);
• соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
• өтүнүч берген уюмдан мамлекеттик же муниципалдык кызматчы, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери болуп саналган талапкерлерге карата тартиптик жазанын жоктугу жөнүндө маалымкат;
• Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тастыктаган илимий иштеринин тизмеси (окумуштуулук даражасы болсо), ошондой эле окумуштуулук даражасын тастыктаган документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү таризделгенден кийин расмий бланкта киргизилет.
“Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө өтүнүчтөр айыл өкмөтү, райондук жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары, Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары, Ош шаарынын мэриясы тарабынан демилгеленет.
Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтөт, алар сыйлоо жөнүндө материалдарды карайт жана андан ары кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жөнөтөт.
Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сыйлоо материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн дарегине жөнөтөт.
Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары сыйлоо материалдарын Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган көп балалуу энелерге сунушту Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине киргизет.
“Баатыр эне” орденине жоголуп кеткен документтеринин ордуна же сыйлануучунун фамилиясын, атын, атасынын атын жазууда каталар табылса, мамлекеттик сыйлыгы менен сыйлоого көрсөткөн субъекттердин өтүнүчү боюнча сыйлангандарга документтердин дубликаттары берилет. Дубликаттар Комиссиянын катчылыгы тарабынан дубликатты берүү жөнүндө өтүнүчтү демилгелеген тийиштүү органга жөнөтөт, ал аларды сыйлануучуларга берүүнү камсыз кылат.
“Баатыр эне” орденинин дубликаттары жоголгондордун ордуна берилбейт.
Ал эми өңү өчкөн “Баатыр эне” ордендерин алмаштырууну караган ченем аталган жободо каралган эмес.
Маалымат катары, [Пенсияга үстөк боюнча маалымат келтирилген дата] карата Социалдык фонд тарабынан пенсиясына 1000 сом өлчөмүндө үстөк алган баатыр энелердин саны [Пенсияга үстөк алган баатыр энелердин саны] адамды түзөт.
Пенсия менен камсыз болууга укугу жок, ай сайын социалдык жөлөкпул алган баатыр энелердин саны [Социалдык жөлөкпул боюнча маалымат келтирилген дата] карата [Социалдык жөлөкпул алган баатыр энелердин саны] адамды түзөт. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сом.
Урматтоо менен,
[Кол койгондун кызмат орду] ( колу) [Кол койгондун аты-жөнү]
Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел. [Аткаруучунун телефону]