Загрузка…
Фирмалык бланк
№
[Жооп берилген каттын датасы] чыгыш № [Жооп берилген каттын чыгыш номери] катка
[Адресаттын кызматы (жөнөмө жөндөмөдө)]
[Адресаттын аты-жөнү (жөнөмө жөндөмөдө)]
Урматтуу [Адресаттын аты жана атасынын аты (кайрылуу үчүн)],
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик), сиздин республикада аутизм, Даун синдрому жана балдардын шал оорусу илдеттерине чалдыккан балдардын көйгөйлөрү тууралуу көтөргөн маселе боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 213 миңден ашык майыптыгы бар адамдар, анын ичинде 37 миңден ашык балдар жашайт. Ал эми аутизм, балдардын шал оорусу, Даун синдрому боюнча 2021-2024-жылдарга статистикалык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй.
Нозологиялар | Күбөлөндүрүүдөн өтүп, майыптыгы белгиленген балдар | |||
2021-ж. | 2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | |
аутизм | 200 | 271 | 269 | 59 |
ДЦП | 1612 | 1714 | 1743 | 411 |
Даун синдрому | 75 | 97 | 70 | 16 |
“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар” категориясында ар айлык социалдык жөлөкпул чектелет, мында
жөлөкпулдарды чектөө балдардын оорусу боюнча категорияга (диагнозу боюнча) бөлүнбөйт.
[Маалымат берилген дата] карата 37,5 миң 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдар 8000 сом өлчөмүндө ар айлык социалдык жөлөкпул алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы
№ 556 токтому менен бекитилген Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобонун негизинде, жеке ассистент кызматы 2019-жылдан тартып майыптыгы бар балдарга киргизилген. Ал эми 2022-жылдан тартып жеке ассистент кызматы бала кезинен I топтогу майыптыгы бар (18 жаштан улуу) адамдарга киргизилген. Жеке ассистент кызматынын акы төлөмү 6300 сомду түзөт.
Жеке ассистент кызматын бүгүнкү күндө 14 443 адам алат, анын ичинде 18 жашка чейинки балдардын саны – 9437 түзөт.
Министрликтин 2024-жылга бекитилген медиа-планын ишке ашыруу максатында, майыптыгы бар адамдардын укуктары, аларды реабилитациялоо, анын ичинде жеке ассистент жана майыптыкты белгилөө тууралуу маселелер массалык маалымат каражаттарына чагылдырылып турат. Мындан сырткары, майыптыгы бар адамдарга, анын ичинде майыптыгы бар балдарга майыптыктын белгилөө критерийлери боюнча маалыматтар Министрликтин расмий сайтына жана баракчаларына чыгарылган.
Майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык иш-чараларды көрсөтүү максатында Бишкек шаарында “Келечек” майыптыгы бар балдар реабилитациялык борбору [Реабилитациялык борбор түзүлгөн ай жана жыл] түзүлгөн, анда бардык кызматтар акысыз көрсөтүлүп келүүдө.
Аталган борбор эки режимде реабилитациялык кызматтарды көрсөтүшөт: алыскы аймактардан келген балдар үчүн күнү-түнү 1 айга чейин болуу мөөнөтү жана күндүзгү реабилитациялык кызмат көрсөтүү (Бишкек шаарында жашаган балдар үчүн) 2 айга чейин каралган.
Белгилей кетсек, реабилитациялык кызмат алган балдардын көпчүлүгү борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда, церебралдык шал оорусу менен жабыркаган, дайыма кароону талап кылган балдар. Мындан тышкары, алардын басымдуу көпчүлүгүндө ар кандай оордуктагы сүйлөө бузулуулары, ошондой эле акыл-эси артта калуу жана талма оорусу бар балдар. Реабилитациялыкборбориштепбаштагандантартып,ата-энелердин өтүнүчү менен аутизм, Даун синдрому бар балдар менен иштөө аракеттери
учурда көрүлүүдө.
Майыптыгы бар балдар үчүн заманбап реабилитациялык борборлорду аймактарда түзүп, комплекстүү кызматтарды өнүктүрүү учурда Министрликтин актуалдуу багыттарынын бири болууда.
Бул багытта Министрлик каражат жагынан жардам сурап жана жай бөлүп берүү маселелери тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына кат жөнөтүлгөндүгүн Министрлик билдирет.
Маалымат үчүн: Балдар психиатрлары Даун синдрому бар баланын интеллектуалдык-мнестикалык бузулууларынын оордугун 4-4,5 жашка чыккандан кийин гана аныктай алышат.
Интеллектуалдык-мнестикалык бузулуулар –толкундануу, эмоционалдык туруксуздук, психикалык иш-аракеттин төмөндөшү, энцефалопатиялардын ар кандай формалары, анын ичинде алкоголдук кесепеттен улам келип чыккан нерв системасынын ар кандай функционалдык жана органикалык оорулары.
Ошондуктан Даун синдрому менен ооруган балдар жалпы медициналык кароодон эрте жашынан текшерилип, аларга 5 жылдык мөөнөткө майыптык категориясы дайындалат.
Психиатриялык МСЭКте Даун синдрому менен ооруган балдарды кароодо жеңил жана орточо акыл-эстин артта калуусу менен айкалышса майыптык категориясы 5 жылдык мөөнөткө, ал эми акыл-эсинин оор жана терең артта калуусу болсо 18 жашка чейин белгиленет.
“Аутизм” оорусу менен жабыркаган балдар диагноз коюлган учурдан тартып, ошондой эле 4-4,5 жашка толгондон кийин Психиатриялык МСЭКтен текшерүүдөн өтүшөт. Алардын психикалык бузулуулардын көрүнүштөрүнө жараша белгилүү бир мөөнөткө белгиленет: жеңил жана орточо даражада – 5 жылга, оор даражада – 18 жашка чейин.
Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдар кичинекей кезинен эле жалпы профилдеги МСЭКтен күбөлөндүрүлөт. Эгерде, психикалык чөйрөсүндө же көрүү органдарында айкын патологиялар бар болсо, тиешелүү адистештирилген МСЭКте күбөлөндүрүлүшөт.
Балдарда “майыптыгы бар бала” категориясы белгилүү бир оорунун оордугуна жана категорияларына негизделген критерийлер боюнча аныкталат.
Ушунун негизинде, “майыптыгы бар бала” категориясы 1-2 жылга, 5 жылга жана 18 жашка чыкканга чейин белгиленет.
18 жашка чейинки балдарга майыптыктын тобу белгиленбейт.
Жогоруда аталган категориядагы балдар 18 жашка толгондон кийин майыптыктын тиешелүү тобу аныкталып, майыптык “мөөнөтсүз” деп белгиленет.
Урматтоо менен,
Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел. [Аткаруучунун телефону]