Загрузка…
Фирмалык бланк
[Каттын датасы] № [Каттын чыгуучу номери]
[Кат жөнөтүлүүчүнүн кызматы]
[Кат жөнөтүлүүчүнүн аты-жөнү (инициалдар жана фамилия)]ге
Урматтуу [Кат жөнөтүлүүчүнүн аты жана атасынын аты (кайрылуу үчүн)],
[Жөнөтүүчү уюмдун аталышы] (мындан ары – Министрлик) майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду түзүү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Майыптыгы бар балдар үчүн заманбап реабилитациялык борборлорду аймактарда түзүп, комплекстүү кызматтарды өнүктүрүү учурда актуалдуу багыттардын бири болууда.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен [БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясы ратификацияланган жыл]-жылы БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясы ратификацияланган жана Конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин [Мамлекеттик программа жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомунун датасы] № [Министрлер Кабинетинин токтомунун номери] токтому менен “2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн “Жеткиликтүү өлкө” Мамлекеттик программасы кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 212 352 майыптыгы бар адам бар, анын ичинен 18 жашка чейинки балдардын саны 37 миңден ашык. Республикада майыптыгы бар балдардын көбөйүшү менен катар эле майыптыгы кайра аныкталган балдардын саны жыл сайын өсүүдө.
Майыптуулуктун эң көп өсүшү төмөнкү патологияларда байкалат: өнүгүүнүн тубаса аномалиялары (32,8 пайыз), нерв системасынын оорулары (20,3 пайыз), психикалык бузулуулар (15,3 пайыз).
Майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык иш-чараларды көрсөтүү максатында Бишкек шаарында “[Иштеп жаткан реабилитациялык борбордун аталышы]” майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борбору [Иштеп жаткан борбор түзүлгөн жыл (декабрда түзүлгөн)]-жылдын декабрында түзүлүп, бардык кызматтар акысыз көрсөтүлүп келүүдө.
Бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдар жана майыптыгы бар балдардын ата-энелери тарабынан реабилитация кызматтарына суроо-талаптар өсүп жаткандыгы белгиленип келет.
Андыктан, иштеп жаткан “[Иштеп жаткан реабилитациялык борбордун аталышы]” реабилитациялык борбору бардык категориядагы майыптыгы бар балдардын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыра албайт.
Ал эми, иштеп жаткан майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтүүчү реабилитациялык борборлор негизинен жеке менчик болуп эсептелгендиктен жана акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүшкөндүгүнө байланыштуу, майыптыгы бар балдардын ата-энелеринин көпчүлүгүнө жеткиликтүү эмес болууда.
Мындан сырткары, [II Элдик курултай өткөн күндөр] болуп өткөн II Элдик курултайда делегат [Курултайдын делегатынын аты-жөнү]нын аймактарда майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду көбөйтүү маселеси сунушталган.
Учурда айыл аймактардын жана шаарлардын деңгээлинде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрүнөн бошогон имараттардын ичинен республиканын облустарында майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду ачуу зарылдыгын Министрлик белгилейт.
Реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүгө даяр жайдын негизинде түзүлүүчү майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборго болжол менен [Бир борборго болжолдуу талап кылынуучу каражаттын суммасы] каражат талап кылынат.
Жогорудагыларды эске алуу менен, майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду түзүүгө ылайыктуу имараттарды бөлүп берүү маселесин кароону Министрлик Сизден жардам сурап өтүнөт жана оң жагына чечилерине ишенет.
Маалымат үчүн: Реабилитациялык борборду түзүүгө талап кылынуучу каражат маселесин кароо өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын финансы министри [Финансы министринин аты-жөнү (инициалдар жана фамилия)]дин наамына кат жиберилген.
Атк.: [Тиркеме]
Тел. [Аткаруучунун телефону]