Загрузка…
Фирмалык бланк
[Каттын датасы]№ [Каттын чыгуучу номери]
[Жооп берилген кирүүчү документтин датасы (болсо)]№ [Жооп берилген кирүүчү документтин номери (болсо)]
[Адресаттын кызмат орду (барыш жөндөмөдө)]
[Адресаттын аты-жөнү (барыш жөндөмөдө)]
Урматтуу [Кайрылуу үчүн адресаттын аты жана атасынын аты],
«Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы [«Пробация жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынган датасы] кабыл алынып, [Мыйзам күчүнө кирген дата] тартып күчүнө кирген жана анда Пробация социалдык-укуктук институтун түзүү каралган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн [Өкмөттүн чечиминин датасы]
№ [Өкмөттүн чечиминин номери] чечимине ылайык Пробация органы Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан [Пробация органы Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан чыгарылган дата] тартып чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти болуп түзүлгөн.
Пробациянын негизги максаттары болуп коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууларды жасоосун эскертүү саналат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти түзүлгөнүнө 5 эле жыл болгондугуна карабастан, көптөгөн ийгиликтерге жетише алды.
Мисалга алсак, пробация органынын ишин санариптештирүү жана коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу максатында “Пробация” автоматташтырылган маалыматтык системасы, биометрикалык эсептегичтер аркылуу кардарларды каттоо толук кандуу ишке киргизилген, бардык аймактык пробация органдарынын кабинеттеринде видеобайкоо системасы орнотулган, пробациянын кардарларына карата өлкөнүн чегинен тышкары чыгууга чектөө коюу жана аны алып коюу, тез арада жүргүзүү ж.б.у.с. жумуштар ишке ашырылууда.
Ошону менен бирге, эл аралык уюмдардын сунуштарынын, ошондой эле белгиленген эл аралык ченемдердин жана стандарттардын негизинде пробациянын кардарларын коомго кайра социалдаштыруу жана кайра интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, аларга психологиялык жана социалдык жардамдар да көрсөтүлүүдө.
Акыркы жылдары мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан кылмыш- жаза саясатын гумандуу кылууга байланыштуу пробациянын кардарларынын санынын көбөйүшү жана түрмө калкын азайуу тенденциясы байкалып жатат, муну төмөнкү таблицадан көрүүгө болот.
Жыл | Түрмө калкынын саны (тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардан тышкары) | Пробация кардарларынын саны |
2020 | 7016 | 16 726 |
2021 | 6329 | 19 726 |
2022 | 5934 | 24 920 |
2023 | 5931 | 22 329 |
Бул жагдай, биринчиден, криминалдык чөйрөгө жаңы адамдык ресурстарды берүүнү азайтат, бул кылмыштуулук чөйрөсүнүн идеологиясын тараткан адамдардын санын азайтууга алып келет, айрым адамдарды түрмө- криминалдык идеологиянын таасиринен обочолонтот, анткени түрмөгө отуруп чыккан адамдардын көпчүлүгү коомго ачууланып чыгат, бул анын коомго кайра кошулушуна терс таасирин тийгизет. Экинчиден республикалык бюджеттен жазаларды аткарууга байланышкан чыгымдарды кескин түрдө үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Урматтоо менен,
[Кол койгондун кызмат орду] (колу) [Кол койгондун аты-жөнү]
Атк.: [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел. [Аткаруучунун телефону]