Кызматташуу жөнүндө
КЕЛИШИМ
Бишкек шаары
[Келишимдин датасы]
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин атынан “[Департамент ишин алып барган жобонун аталышы]” жобонун негизинде иш алып барган директор [Департаменттин директорунун аты-жөнү] мындан ары Департамент деп аталып, бир тараптан жана [Мекеменин аталышы] атынан [Мекеменин уставы (аталышы, реквизиттери)] уставдын негизинде иш алып барган [Мекеменин өкүлүнүн аты-жөнү] мындан ары Мекеме деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте “Тараптар” төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Даярдоо багыттары (адистиктер) боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарына, окутуу пландарына жана окуу процессине ылайык, [Мекеменин аталышы] окуучуларын практикадан өтүүсүн уюштурууга багытталган Тараптардын өз ара иш алып баруусу ушул келишимдин предмети болуп эсептелет.
2. Департаменттин милдеттери
2.1. Даярдоо багыттарына (адистигине) ылайык окуучулардын практикадан өтүүсү үчүн орун жай бөлүп берүү.
2.2. Окуучулардын окутуу программасынан өтүү үчүн керектүү шарттарды түзүү.
2.3. Окуучу-практиканттарга практиканын программасын ийгиликтүү өздөштүрүүсү жана жеке тапшырмаларды аткаруусу үчүн зарыл материалдар, жабдуулар менен камсыз кылуу, керектүү техникалык каражаттарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү.
2.4. Практиканын программасында каралбаган иштерге окуучуларды тартпоо.
2.5. Окуучуларды пробация органынын ички эмгек тартибинин эрежелери менен тааныштыруу.
2.6. Киришүү иретинде жана иш ордунда окуучу-практиканттарга эмгекти коргоо, техникалык коопсуздукту сактоо, эмгек коопсуздугунун техникасы, өрт коопсуздугу боюнча милдеттүү түрдө көрсөтмөдөн (инструктаж) өткөрүү, колдонуудагы эрежелер жана ченемдер менен тааныштыруу.
3. Мекеме төмөнкүлөргө милдеттенет:
3.1. Багытына (адистигине) ылайык практикадан өткөрүү үчүн окуучуларды Департаментке жөнөтүү.
3.2. Жыл сайын практика башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен, практиканын календардык графигин жана окуучу-практиканттар үчүн берилүүчү орундардын санын Департамент менен макулдашуу.
3.3. Практикадан өтүү мезгилинде практиканын жана жеке тапшырмалардын программасын түзүү жана макулдашуу.
3.4. Окуучу-практиканттарды практикадан өтүү тартиби менен тааныштыруу.
3.5. Практиканын мөөнөттөрүн жана мазмунун сактоону контролдоо.
3.6. Департаменттин талаптары жөнүндө маалымат менен окуучуларды тааныштыруу.
3.7. Департаменттин адистерин лекцияларды окууга, семинарларды, лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрүүгө, мамлекеттик экзамендик комиссияларга катышууга, өндүрүштүк, жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана курстук иштерди башкарууга (же биргелешип башкарууга) чакыруу.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Тараптар окуучулардын практикадан өтүүсүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
4.2. Ушул келишим боюнча Тараптардын ортосунда келип чыгуучу бардык талаштар сүйлөшүү жолу менен чечилет. Пикир келишпестиктерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
5. Кошумча шарттар
5.1. Ушул Келишимди натыйжалуу ишке ашыруу макстында Тараптар өз ара макулдашуу боюнча кызматташуунун башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу.
5.2. Ар бир Тарап өз милдеттенмелерине ылайык тең укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
5.3. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор Тараптардын бири экинчи тарап менен өз ара макулдашуунун негизинде киргизилиши мүмкүн жана эки тарап кошумча макулдашууга кол койгондон кийин кабыл алынды деп эсептелет жана ал ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
5.4. Келишим укуктук жактан бирдей күчкө ээ 2 нускада мамлекеттик тилде түзүлдү.
6. Корутунду жобо
6.1. Ушул Келишим Тараптар кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
6.2. Келишимди колдонуу мөөнөтү 2 жыл.
7. Тараптардын маалым даректери жана колу
Департамент Мекеме
[Департаменттин реквизиттери, 1-сап] [Департаменттин реквизиттери, 2-сап] [Департаменттин реквизиттери, 3-сап] | [Департаменттин реквизиттери, 4-сап] [Департаменттин реквизиттери, 5-сап] [Мекеменин реквизиттери, 1-сап] |
[Мекеменин реквизиттери, 2-сап] | [Мекеменин реквизиттери, 3-сап] |
[Мекеменин реквизиттери, 4-сап] | [Мекеменин реквизиттери, 5-сап] |
___________________ |
| ___________________ |
МО |
| МО |