Загрузка…
Турак эмес жайлар жөнүндө мүлктүк ижара
КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Келишим түзүү датасы]
Биз [Ижарага берүүчүнүн жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Ижарага берүүчүнүн аты-жөнү] [Ижарага берүүчүнүн туулган датасы] туулган, жашаган дареги: [Ижарага берүүчүнүн жашаган дареги], мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталып, бир тараптан,
жана [Ижарага алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Ижарага алуучунун аты-жөнү], [Ижарага алуучунун туулган датасы] туулган, жашаган дареги: [Ижарага алуучунун жашаган дареги], мындан ары "Ижарага алуучу" деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
I. Келишимдин предмети
1. Ижарага берүүчү [Турак эмес жайдын дареги] дарегинде жайгашкан пайдалуу аянты [Пайдалуу аянты (чарчы м.)] чарчы м., участоктун өлчөмү [Участоктун өлчөмү (чарчы м.)]чарчы м. болгон, макулдашылган наркы [Макулдашылган наркы (сом)] сом (идентификациялык коду [Идентификациялык коду]) турак эмес жайды Ижарага алуучуга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга (ижарага) берет.
Ижарага берилүүчү турак жай [Жайдын багыты] багытына берилет.
2. Аталган турак эмес жай [Жай кимге таандык экени] таандык.
Көрсөтүлгөн турак эмес жай [Укук белгилөөчү документтерди берген органдын аталышы, номери, берген күнү] [Укук белгилөөчү документтер] ылайык менчик укугунда [Ижарага берүүчүнүн аты-жөнү] таандык.
II. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3. Ижарага берүүчү:
- ушул Келишимге кол коюлган учурдан тартып [Жайды берүү мөөнөтү] ичинде турак эмес жайды тийиштүү санитардык-техникалык абалда берүүгө милдеттүү.
4. Ижарага алуучу:
- Ижара берүүчүгө суу, электр энергиясы, таштандыларды чыгаруу жана башка коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөөнү өз убагында жүргүзөт, турак эмес жайлардын санитардык-техникалык абалына көз салат;
- ижара акысын өз убагында жүргүзүү;
- ижарага алынган мүлктү өз эсебинен утурумдук оңдоо иштерин жүргүзөт;
- ижарага алынган турак эмес жайды күтүү боюнча чыгымдарды тартат;
- ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин турак эмес жайдын ченемдүү эскирүүсүн эске алуу менен жакшы абалда бошотуп берет.
III. Төлөө шарты
5. Ушул Келишим боюнча ар айлык ижара акысы айына [Ар айлык ижара акысы (сом)] сомду түзөт жана ай сайын, ар бир айдын [Ижара акысын төлөө датасы (ай сайын)]- датасынан кечиктирилбестен төлөнөт.
6. Ижара акысынын суммасы акыркы болуп саналат жана өзгөртүлбөйт.
IV. Форс-мажор
7. Суу ташкыны, жер титирөө жана башка Тараптардын эркине көз каранды болбогон жана турак эмес жайды бузууга же башка зыян келтирүүгө алып келген күч жеткис жагдайлар келип чыккан учурда Ижарага алуучу турак эмес жайга жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.
V. Тараптардын жоопкерчилиги
8. Эгерде Ижарага алуучу ижарага алынган турак эмес жайдын начарлашына жол берсе же зыян келтирсе, Ижарага берүүчүгө зыяндын ордун толтурууга тийиш. Эгерде Ижарага алуучу алынган турак эмес жайдын начарлоосу же бузулушу анын күнөөсү боюнча болбогонун далилдесе, Ижарага берүүчүгө зыяндын ордун толтурбайт.
VI. Келишимдин колдонуу мөөнөтү
9. Келишим [Келишимдин мөөнөтү] мөөнөткө түзүлдү.
VII. Келишимди бузуу
10. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга тараптардын өз ара макулдугу болгондо гана жол берилет.
11. Ай сайын төлөнүүчү ижара акысы өз мөөнөтүндө төлөнбөгөн учурда Ижарага алуучу Ижарага берүүчүгө ар бир кечиктирилген күн үчүн төлөнбөгөн төлөмдүн суммасынан [Үстөк акынын өлчөмү] өлчөмүндө үстөк акы төлөйт.
12. Келишимдин 7-пунктунда көрсөтүлгөн жана ушул Келишимдин шарттары дайыма бузулган учурларды кошпогондо, Ижарага берүүчү Ижарага алуучуны ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин турак эмес жайлардан чыгарууга укугу жок.
VIII. Башка шарттар
13. Эгерде Ижарага алуучу турак эмес жайларды оңдоп жакшыртса, ага Ижарага берүүчү тарабынан жүргүзүлгөн жакшыртуулардын наркы [Жакшыртуулардын наркы төлөнүп берилеби].
14. Келишимди нотариалдык күбөлөндүрүү боюнча чыгымдарды Ижарага алуучу көтөрөт.
IX. Келишимдин күчүнө кириши
15. Келишим Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет, 4 нускада түзүлгөн, алардын бири нотариалдык конторанын көктөмөлөрүндө калат, бири бирдиктүү каттоо органына жөнөтүлөт, Тараптарга бирден нускасы берилет.
Тараптардын маалым даректери жана колу:
Ижарага берүүчү
|
| Ижарага алуучу
|
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык конторанын аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын аракетке жөндөмдүүлүгү текшерилди.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери]-беренесине ылайык бул келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.
№ [Реестрдеги катоо номери] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________