Калыпты жүктөө

Жол-унаа кырсыктарынын натыйжасында келтирилген

зыяндын ордун толтуруу

КЕЛИШИМИ

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,

[Келишим түзүлгөн күн]

 

Биз, Бишкек ш. [ЖЧКны каттаган орган] № [ЖЧКнын каттоо номери] катталган [ЖЧКнын толук аталышы] жоопкерчилиги чектелген коомунун атынан [ЖЧКнын өкүлү негиз катары иштеген документ] негизинде иштеген, мындан ары [ЖЧКнын кыскача аталышы] ЖЧК деп аталып,  бир тараптан жана [Жабыркоочунун жарандыгы болгон мамлекет] жараны, [Жабыркоочунун жашаган дареги] дарегинин жашоочусу,
[Жабыркоочунун туулган күнү] туулган [Жабыркоочунун аты-жөнү], экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишим түздүк:

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин [Жарандык кодекстин беренесинин номери]-беренесине ылайык [ЖЧКнын кыскача аталышы] ЖЧК [Жол-унаа кырсыгы болгон күн] Бишкек шаарынын [Кырсык болгон кесилиштеги биринчи көчө] менен [Кырсык болгон кесилиштеги экинчи көчө] көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол-унаа кырсыгынын натыйжасында [ЖЧКнын кыскача аталышы] ЖЧКнын кызматтык автоунаасы ([ЖЧКнын кызматтык автоунаасынын маркасы (үлгүсү)], [ЖЧКнын кызматтык автоунаасы чыгарылган жыл]-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери [ЖЧКнын кызматтык автоунаасынын мамлекеттик номери]) менен жаран [Жабыркоочунун аты-жөнү]  (КР ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген техникалык паспорттун негизинде ага таандык кыймылдаткыч № [Жабыркоочунун автоунаасынын кыймылдаткыч номери], чанак № [Жабыркоочунун автоунаасынын чанак номери], [Жабыркоочунун автоунаасынын үлгүсү] үлгүсүндөгү [Жабыркоочунун автоунаасы чыгарылган жыл]-жылы чыгарылган, мамлекеттик номери [Жабыркоочунун автоунаасынын мамлекеттик номери]) автоунаасына келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү укугун тааныйт.

2. Бул Келишим менен биз, [ЖЧКнын кыскача аталышы] ЖЧК жана жаран [Жабыркоочунун аты-жөнү], ушул жол-унаа кырсыгынын кесепетинен келтирилген материалдык чыгым, анын ичинде төмөнкү суммаларды камтыган  [Зыяндын жалпы суммасы (сан жана сөз менен)] сомду түзөрүн белгилейбиз:

[Автоунааны оңдоого кеткен сумма (сан жана сөз менен)] сом - автоунааларды оңдоого (анын ичинде запастык бөлүктөрдү, материалдарды сатып алууга жана автоунааны оңдоого байланышкан башка чыгымдарга),

[Дарылоого кеткен сумма (сан жана сөз менен)] сом - дарылоого кеткен чыгымдардын ордун толтурууга;

[Транспорттук чыгымдардын суммасы] сом - [Жабыркоочунун аты-жөнү] транспорттук чыгымдардын ордун толтуруу үчүн,

[Унааны токтотуучу жайда сактоо үчүн төлөмдүн суммасы (сан жана сөз менен)] сом - унааны токтотуучу жайда сактоо үчүн төлөмдүн ордун толтурууга.

3. Тараптардын макулдашуусу боюнча [ЖЧКнын кыскача аталышы] ЖЧК [Жабыркоочунун аты-жөнү] келтирилген материалдык зыянды жана чыгымды ушул келишим нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде накталай сом менен төлөп берүүгө милдеттенет.

4. Келишимди түзүү боюнча чыгымдарды [ЖЧКнын кыскача аталышы] ЖЧК көтөрөт.


5. Келишимдин көчүрмөсү [Мамлекеттик нотариалдык кеңсенин району] райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесине жөнөтүлүп, бир нускасы жеке нотариус [Жеке нотариустун аты-жөнү] ишинде сакталып, экөө тараптарга өткөрүлүп берилет.

 

 

Тараптардын маалым даректери жана колу:

 

ЖЧК

Дареги  [ЖЧКнын дареги]

Эсептешүү эсеби [ЖЧКнын эсептешүү эсеби]

Паспорт № [ЖЧКнын өкүлүнүн паспорт номери]

Аты-жөнү[ЖЧКнын өкүлүнүн аты-жөнү]

Колу __________________________

 

                                    МО

 

[Жабыркоочунун аты-жөнү]

Дареги  [Жабыркоочунун жашаган дареги]

Эсептешүү эсеби [Жабыркоочунун эсептешүү эсеби]

Паспорт № [Жабыркоочунун паспорт номери]

Аты-жөнү[Жабыркоочунун аты-жөнү]

Колу __________________________

 

 

 

[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык конторанын аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.

Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.

 

№  [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.

[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.

Нотариус _________________________