Калыпты жүктөө

Транспорт каражатын ижаралоо

КЕЛИШИМИ

 

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,

[Келишим түзүлгөн күн]

 

Биз, [Ижарага алуучунун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Ижарага алуучунун аты-жөнү], [Арендатор иш алып барган негиз (Устав, Жобо)] негизинде директор катары иш алып баруучу,[Ижарага алуучунун туулган күнү] туулган, жашаган дареги: [Ижарага алуучунун жашаган дареги], бир тараптан, мындан ары “Ижарага алуучу” деп аталып,

жана [Ижарага берүүчүнүн жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Ижарага берүүчүнүн аты-жөнү], ,[Ижарага берүүчүнүн туулган күнү] туулган, жашаган дареги: [Ижарага берүүчүнүн жашаган дареги], транспорт каражатынын менчик укугунун ээси, мындан ары “Ижарага берүүчү” деп аталып, экинчи тараптан, биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:

I. Келишимдин негизи

1.1. Ижарага алуучу Ижарага берүүчүдөн [Транспорт каражатынын үлгүсү, мамлекеттик номерлүү белгиси, чыккан жылы] транспорт каражатын

(үлгүсү, мамлекеттик номерлүү белгиси, чыккан жылы)

[Пайдалануу максаты (жүк ташуу, кызматкерлерди жумуш ордуна жеткирүү ж.б.у.с.)] максатында

(жүк ташуу, кызматкерлерди жумуш ордуна жеткирүү ж.б.у.с.)

убактылуу пайдаланууга кабыл алат.

1.2. Транспорт каражатынын техникалык абалы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын техникалык кароо актысы менен ырасталат, анын көчүрмөсү тиркелбесе, Келишим жараксыз деп табылат.

1.3. Транспорт каражатын Ижарага алуучу компаниянын кызматкерлеринин бири болгон, ижара ыйгарым укугу берилген [Айдоочунун аты-жөнү, айдоочулук күбөлүгүнүн №] же

(аты-жөнү, айдоочулук күбөлүгү № )

Ижарага алуучунун өзү башкарат.

 

II. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. Ижарага берүүчү:

2.1.1. Транспорт каражатынын коопсуздугун, ошондой эле анын сапаттык абалын контролдоого укуктуу.

2.2. Ижарага берүүчүнүн милдеттери:

2.2.1.

[Транспорт каражатын тапшыруу мөөнөтү] мөөнөттө Келишим түзүлгөндөн кийин Ижарага алуучуга автотранспорт каражатынын ЖКККБ техкароо актысына шайкеш келген абалда тапшыруу.

2.2.2. Келишим түзүлгөндөн кийин [Ишеним катты тариздөө күндөрүнүн саны] күн ичинде транспорт каражатын башкарууга ишеним катты тариздеп берүү.

2.3. Ижарага алуучунун милдеттери:

2.3.1. Транспорт каражатын ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн багытына жана максатына так ылайык кабыл алууга жана пайдалануу.

2.3.2. Транспорт каражатын жакшы абалда кармоого, өз каражатынан күнүмдүк оңдоолорду жүргүзүү жана аны тейлөөгө байланышкан бардык башка чыгымдарды көтөрүү.

2.3.3. Жол эрежесин сактоо. Жол-унаа кырсыктарын (ЖУК) алдын алуу боюнча чараларды көрүү.

2.3.4. ЖУК натыйжасында транспорт каражаты бузулса, Ижарага алуучу бул жөнүндө Ижарага берүүчүгө токтоосуз билдирүү, ошондой эле мүмкүн болушунча тез арада өз эсебинен керектүү оңдоолорду жүргүзүү.

2.3.5. Ижарага алуучу[Камсыздандыруу келишимин түзүү мөөнөтү] кечиктирбестен ушул келишимдин бүткүл мөөнөтүнө үчүнчү жактар келтирген зыян үчүн транспорт каражатынын ээсинин жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

2.3.6. Ижарага алуучу транспорт каражатын пайдалангандыгы үчүн ижара акысын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Ижара акысынын өлчөмү айына  [Айлык ижара акысынын өлчөмү (сом)] сомду түзөт.

Ижара акысы [Төлөм жүргүзүү мөөнөтү жана ыкмасы]төлөнөт.

(төлөм жүргүзүү мөөнөтү жана ыкмасы)

2.3.7. Ижарага алуучу транспорт каражатынын коопсуздугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.

Ижарага алуучу транспорт каражатынын коопсуздугу үчүн толук жоопкерчилик тартат.

2.3.8. Ижарага алуучунун транспорт каражатын субижарага берүүсүнө Ижарага берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана жол берилет.

2.3.9. Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин Ижарага алуучу транспорт каражатын Ижарага берүүчүгө андан ары пайдалануу үчүн толук жарактуу абалда кайтарып берүүгө милдеттүү. Транспорт каражаты бүтүндөй толук болушу керек.

2.4. Ижарага алуучунун укуктары:

2.4.1. Ишеним кат боюнча транспорт каражатын башкарып жаткан адам узакка ооруп калган учурда Ижарага алуучунун ишканасынын кызматкерлеринин ичинен башка адамдын атына автоунааны башкарууга ишеним кат берүүгө укуктуу.

2.4.2. Ижарага алуучу Ижарага берүүчүнү ушул келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда анын макулдугу менен гана транспорт каражатын башкарууга тартууга укуктуу. Ижарага берүүчүнүн иштөө шарттары жана эмгек акысы эмгек келишими менен аныкталат

2.4.3. Ижарага алуучу Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен гана транспорт каражатын жакшыртууга укуктуу.

 

III. Тараптардын жоопкерчилиги

3.1. Транспорт каражатын өз убагында бербеген учурда Ижарага алуучу ай сайын ижара акысынын 20% өлчөмүндө айып төлөйт жана Ижарага берүүчүгө бул келишимди аткарбоо менен байланышкан бардык чыгымдарды, анын ичинде алынбай калган пайданы төлөп берет.

3.2. Транспорт каражаты уурдалган учурда Ижарага алуучу анын рыноктук наркын төлөйт.

3.3. Транспорт каражатын толук өз калыбында кайтарып бербеген учурда Ижарага алуучу жетишпеген тетиктердин жана оңдоого кеткен чыгымдардын ордун толтуруудан тышкары, Ижарага берүүчүгө кем жабдуулардын наркынын 50% өлчөмүндө айып төлөйт.

3.4. Бул келишим боюнча талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

 

IV. Келишимди бузуунун тартиби

4.1. Келишим тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча, ошондой эле  төмөнкү шарттарда бузулушу мүмкүн:

- Ижарага берүүчүнүн демилгеси менен:

4.2. Ижарага алуучу транспорт каражатын ал берилген максаттарга ылайык келбеген тартипте пайдаланса;

4.3. Ижарага алуучу транспорт каражатынын абалын атайылап начарлатса же транспорт каражатын талаптагыдай тейлөө боюнча өзүнүн милдеттенмесин аткарбаса;

- Ижарага алуучунун демилгеси боюнча

4.4. Финансылык абалы өзгөргөндө, анын натыйжасында ал транспорт каражатын пайдалануудан баш тартууга аргасыз болот.

V. Келишимдин жарактуу мөөнөтү

5.1. Келишим [Келишимдин башталган күнү] [Келишимдин аяктаган күнү] чейинки мөөнөттө жарактуу деп белгиленет.

5.2. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин келишим тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча узартылышы мүмкүн.

5.3. Келишим эки нускада, ар бир Тарап үчүн бирден түзүлдү.

Келишимге техникалык кароонун актысы тиркелет[Тиркелген техникалык кароо актысынын маалыматтары].

 

Тараптардын маалым даректери жана колу:

Ижарага алуучу

Дареги  [Ижарага алуучунун жашаган дареги]

Эсептешүү эсеби [Ижарага алуучунун эсептешүү эсеби]

Паспорт № [Ижарага алуучунун паспорту]

Аты-жөнү[Ижарага алуучунун аты-жөнү]

Колу __________________________

 

МО

 

Ижарага берүүчү

Дареги  [Ижарага берүүчүнүн жашаган дареги]

Эсептешүү эсеби [Ижарага берүүчүнүн эсептешүү эсеби]

Паспорт № [Ижарага берүүчүнүн паспорту]

Аты-жөнү[Ижарага берүүчүнүн аты-жөнү]

Колу __________________________

 

 

 

 

[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди [Нотариалдык конторанын аталышы] [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.

Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык бул Келишим кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда катталууга тийиш.

 

№ [Реестрдеги катталган номери] менен реестрде катталды.

[Өндүрүлгөн мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.

Нотариус _________________________