Загрузка…
Конкреттүү мүлктү башкарууга жана тескөөгө
ИШЕНИМ КАТ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер (жазуу жүзүндө)]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата (жазуу жүзүндө)] жазуу жүзүндө
Мен, [Ишеним көрсөтүүчүнүн жарандыгы болгон мамлекеттин аталышы] жараны [Ишеним көрсөтүүчүнүн аты-жөнү], [Ишеним көрсөтүүчүнүн туулган датасы], жашаган дареги: [Ишеним көрсөтүүчүнүн жашаган жери], паспорту [Ишеним көрсөтүүчүнүн паспорттук дайындары]
Ушул ишеним кат менен [Өкүлдүн жарандыгы болгон мамлекеттин аталышы] жараны [Өкүлдүн аты-жөнү], [Өкүлдүн туулган датасы], паспорту [Өкүлдүн паспорттук дайындары], жашаган дареги: [Өкүлдүн жашаган жери],
[Мүлктүн жайгашкан жери] дареги боюнча жайгашкан менчик укугунда мага таандык мүлктү: [Мүлктүн аталышы] башкарууга жана тескөөгө (анын ичинде сатууга, алмашууга, күрөөгө коюуга) ыйгарым укук берем.
Анын ичинде [Өкүлдүн аты-жөнү], мыйзамда каралган бардык бүтүмдөрдү өз каалоосу боюнча жасоого: сатууга, алмашууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюлган мүлктүн баасын аныктап күрөөгө коюуга, өтмө укук акысын төлөө макулдашуусун түзүп, милдеттенмелердин аткарылышын токтотууга, ошондой эле менин атымдан бардык зарыл документтерди, арыздарды, маалым каттарды алууга, берүүгө жана кол коюуга, акыркы пайда алуучу катары сатылган жогоруда көрсөтүлгөн мүлк үчүн акча же жер участогу үчүн укукка карата акча же төгүм алууга, зарыл болгон келишимдерге кол коюуга (сатып алуу-сатуу, алмашуу, күрөө, мүлктүк жалдоо келишими, өтмө укук акысын төлөө макулдашуусу, алдын ала келишимдер, шерт пул жөнүндө макулдашуу, курулушка үлүштүк катышуу келишими, Талап кылуу укугуна өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу, анын ичинде аларга кошумча макулдашуулар же мурда түзүлгөн келишимдерди бузуу жөнүндө макулдашуулар), бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелеринде, уюмдарында, жарандар алдында менин кызыкчылыктарымды коргоого, керектүү төлөмдөрдү жүргүзүүгө; менин атымдан бардык мамлекеттик мекемелерде, кооперативдик жана коомдук уюмдарда иш жүргүзүүгө, бардык сот мекемелеринде доогерге, жоопкерге, үчүнчү жакка жана жабырлануучуга мыйзам тарабынан берилген бардык укуктар менен, анын ичинде ишти тынчтык менен бүтүрүү, доо талаптарын толук же жарым-жартылай моюнга алуу же баш тартуу, доонун предметин өзгөртүү, соттун чечимине даттануу, аткаруу баракчасын алуу, укуктарды алуу, мүлктү же акчаны алуу жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган чектерде жана көлөмдөрдө ушул тапшырмага байланышкан бардык башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди аткаруу укугу менен жарандык жана жазык иштерин жүргүзүүгө укук берем.
Бул ишеним кат боюнча ыйгарым укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.
Ишеним кат бир айлык мөөнөткө берилет.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин [Граждандык кодекстин беренесинин номери]-беренесинин мазмуну мага түшүндүрүлдү.
Ишеним катты окуп чыктым жана көздөгөн максатыма туура келет.
Колу _______________________________________________________________
Бул ишеним кат [Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата (жазуу жүзүндө)] мен [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Ишеним кат [Ишеним көрсөтүүчүнүн аты-жөнү] тарабынан өз колу менен менин катышуумда жазылды.
Ишеним көрсөтүүчүнүн инсандыгы аныкталып, укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
[Реестрдеги катталган номер] реестрде катталды
[Мамлекеттик алымдын өлчөмү (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү
Нотариус _________________________
(колу)