Загрузка…
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги
Кыргыз Республикасынын аймагынын 105 миң чарчы чакырымы (53 пайыз) кар көчкүгө дуушар болуучу аянт болуп саналат. Кар көчкү процесстери республикабыздын бардык тоолордун тик капталдарында жана ошол эле кезде кардын катмары калың жаткан аймактарында катталат. Ал эми унаа жолдордун көпчүлүк бөлүгү бийик тоолорду, тике адырларды аралап өткөндүктөн, кар көчкү жүрүү коркунучу абдан жогору. Жолдордун бийик тоолуу участоктору эң чоң кар көчкү коркунучуна дуушар болушат. Катталган кар көчкүлөрдүн 63% февраль, март айларында дал ушул унаа жолдорго түшөт. Жалпы кар көчкүлөрдүн январь айында 16%, апрель айында 13%, декабрь айында 4% болуп катталса, ал эми ноябрь жана май айларында 1,5% жана 2,5% катталат.
2023-2024-жылдары кышкы сезондо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Кыргызгидромет» кызматынын көзөмөл пункттары тарабынан чоң көлөмдө катталган кар көчкүлөр, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 294-296-чакырымдарында (Долон ашуусу) көлөмү 1 125 000 млн.м³, 300-304-чакырымдарында болжол менен 5 тилкеде түшүп, болжолдуу көлөмү 31000 м³, ошондой эле Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-85-чакырым аралыгында (Чоӊ-Ашуу ашуусу) жалпысынан көлөмү 96651 м³ түзгөн. Бул кар көчкүлөрдүн жүрүүсүнө алгач абанын температурасынын кескин көтөрүлүүсү жана жаан-чачындын көп жаашы себеп болгон. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Кыргызгидромет» кызматы берген маалыматтарга ылайык 2024-жылдын февраль айында Республиканын аймагында абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, жааган жаан-чачындын көлөмү климаттык нормадан ашыкча болушу күтүлөт. Абанын температурасынын кескин көтөрүлүүсү жана сейсмикалык активдүүлүк республиканын тоолуу райондорунда кардын бат эришине алып келип, кар көчкү процессинин кескин активдешүүсүнө шарт түзүшү мүмкүн. Ошондой эле, кардын эрүүсүнөн жана жаан-чачындан пайда болгон сел сууларын коопсуз өткөрүүнү камсыздоо максатында унаа жолдордо орнотулган сел өткөрүүчү түтүктөрдүн, курулмалардын сыйымдуулугун текшерип, сел каптоолорго алып келүүчү жагдайларды жокко чыгаруу сунушталат. Андан сырткары кээ бир аймактарда унаа жолдордо жер кыртыштарынын чөгүүсү катталып, унаа жолдорду авариялык абалга алып келиши мүмкүн.
Ошондуктан кооптуу табигый жана техногендик процесстерди алдын алуу иш-чараларына өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын [«Жарандык коргонуу жөнүндө» Мыйзамдын кабыл алынган жылы]-жылдын [Мыйзам кабыл алынган майдын күнү]-майындагы №[Мыйзамдын номери] “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын [Мыйзамдын беренесинин номери]-беренесине ылайык өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүүгө министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор да милдеттендирилген. Кар көчкү кооптуулугу бар участкаларда (тиркелет) алдын алуу иш-чараларын аткаруу, ошондой эле атайын жол белгилерин орнотуу, айдоочуларга жана жол жүргөн жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү такай уюштуруу зарылдыгын алдын ала эскертебиз.
Өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жана болуп жаткандыгы жөнүндөгү ар бир учуру боюнча КР ӨКМге караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 бирдиктүү телефон номерине маалымат берип турууңуздар зарыл. Ушул атайын-эскертменин аткарылышы жөнүндөгү маалыматты КР ӨКМдин дарегине билдирүүңүздөр милдеттүү болуп саналат.
Тиркеме: республиканын аймагындагы унаа жолдорго кар көчкү коркунучу бар участоктор, [Тиркеменин баракташынын саны] баракта.
[Кол койгондун кызмат орду] (колу) [Кол койгондун аты-жөнү]