Загрузка…
[Адресаттын кызмат орду] [Адресаттын аты-жөнү (шапкада)]
Урматтуу [Кайрылуу үчүн адресаттын аты жана атасынын аты],
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдардын кооптуулугун азайтуу, калкты жана аймактарды кооптуу табигый процесстерден жана кубулуштардан коргоо максатында атайын иш-чараларды аткаруу үчүн 2024-жылга “Баткен облусунун аймагында кооптуу табигый процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо” аттуу китеби чыгарылгандыгын билдирет.
Жогорудагы аталган китепте өзгөчө кырдаалдарды баалоо классификациясына ылайык, облустун аймагында кездешүүчү кооптуу табигый жана техногендик процесстердин, кубулуштардын (жер титирөөлөр, жер жана кар көчкүлөр, сел-суу ташкындары, таш кулоолор, кыртыш сууларынын деңгээлинин көтөрүлүүсү жана башка) түрлөрү, өзгөчөлүктөрү жөнүндө божомолдук маалыматтар камтылган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын (Кыргызгидромет) маалыматтарына ылайык, 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин Шахимардан дарыясынын бассейнинде көп жылдык орточо нормадан ашык 28 мм (60%), Кара-Суу дарыясынын бассейнинде 128 мм (156%) жана Исфайрам-Сай дарыясынын бассейнинде 46 мм (55%) кар жааган. Тоолордо карлардын мезгилдүү топтолушу 2024-жылдын март-апрель айларына чейин уланат. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пунктуна ылайык, кооптуу участоктордо жашаган үй-бүлөлөрдү коопсуз жерлерге көчүрүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөндүктөн, адамдардын өмүрлөрүн сактоо үчүн кооптуу участкаларда жашаган жашоочуларды коопсуз жерлерге көчүрүп чыгаруу боюнча тийиштүү иш-чаралардын аткарылуусу зарыл. Ошону менен бирге, божомолдоо материалдарынын жалпы республика боюнча толук топтому электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайтына (mchs.gov.kg) жайгаштырылган, электрондук вариантын пайдалансаңыздар болот. “Баткен облусунун аймагында кооптуу табигый процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо” аттуу китеби, 1 даана сиздин дарегиңизге КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жеткирилет.
Урматтоо менен,
[Кол койгондун кызмат орду](колу) [Кол койгондун аты-жөнү]