Багып алуучу үй-бүлөгө баланы (балдарды) тарбиялоого берүү жөнүндө типтүү келишим
[Калктуу пункттун аталышы]айылы
(калктуу пунктун аталышы)[Келишим түзүлгөн күн]ж №[Келишимдин номери]
[Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы]
(балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы)
Үй-бүлө балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкери [Үй-бүлө балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкеринин аты-жөнү, кызматы]атынан
(аты-жөнү, кызматы)
Багып алуучу үй-бүлө (фостер) [Берилүүчү балдардын саны]мындан ары аймактык бөлүм деп аталып, үй-
бүлөдө тарбия берген жаран жана тарбияланган балдар
багып алуучу үй-бүлөнүн аты-жөнү[Багып алуучу үй-бүлөнүн (ата-энелердин) аты-жөнү]
Жарандыгы, туулган жылы [Жарандыгы, туулган жылы]
(аты-жөнү, туулган жылы, күнү )
[Багып алуучу ата-энелердин паспорттук маалыматтары]
(паспорт, серия, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
1) [Баланын маалыматтары жана жеке документи](туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт, серия, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
төмөнкү даректе жашаган
[Багып алуучу үй-бүлөнүн жашаган дареги]
мындан ары “багып алуучу ата-энелер” деп аталып, төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1. Келишимдин предмети багып алуучу үй-бүлөгө берилген баланын
(балдардын) багуу жана тарбиялануу маселелеринде Тараптардын шарттарын, укуктарын жана милдеттерин аныктоо болуп эсептелет.
1. Баланын багып алуучу үй-бүлөгө берүү ушул Келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Багыпалуучу ата-энелердин (ата-эненин) укуктары жанан милдеттери
3. Багып алуучу ата-энелер төмөнкүлөргө укугу бар:
1) багып алуучу үй-бүлөгө берилүүчү баланын ден соолугу, психологиялык абалы жана дене бою жактан өсүп-өнүгүүсү жөнүндө маалымат алууга;
2) баланы коргоо боюнча жеке планды ( мындан ары - Жеке план) иштеп чыгууга (кайра карап чыгууга), багып алган балага (балдарга) тиешелүү маселелерди чечүүдө Жеке планды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
3) багып алган балага тарбия берүүнүн формаларын жана методдорун өз алдынча
аныктоого, багып алуучу баланын (балдардын) жашоо-турмушундагы учурдагы маселелерин Жеке планга ылайык чечүүгө;
4) билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо системасынын, укук коргоо
органдарынын адистеринен баланы тарбиялоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча тиешелүү органдарга кайрылууга, консультация алууга;
5) окуудан өтүүгө, кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатууга;
6) багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын жана багып алган баланын (балдардын) багуусуна, тарбиялоосуна каралган төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө алууга, баланын керектөөлөрүн эске алуу менен чыгымдарды өз алдынча пландаштырууга жана бөлүштүрүүгө.
4. Багып алуучу ата-энелер төмөнкүлөргө милдеттүү.
1) ата-энесинин камкордугусуз калган баланы (балдарды), үй-бүлөсүнө жашоо, багуу жана тарбиялануу үчүн кабыл алууга;
2) багып алган баланын (балдардын) жашоосуна, багуусуна жана өнүгүүсүнө зарыл шарттарды багып алуучу ата-энеге колдоо көрсөтүү боюнча минимум стандарттарга (мындан ары минимум стандарттар) ылайык камсыз кылууга;
3) балдарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Келишимде аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде тиешелүү мекемелерде жана уюмдарда багып алган баланын
кызыкчылыктарын билдирүүгө;
4) багып алган баланын курагына жана жеке муктаждыктарына ылайык билим берүү мекемелерине баруусун камсыз кылууга.
Багып алган бала (балдар) жалпы билим берүү уюмуна ден соолугуна байланыштуу бара албаган учурда мыйзамда белгиленген окутуу формасында билим алуусун камсыздоого;
5) баланын (балдардын), медициналык кароолордон өз убагында өтүүсүн, кароону жана дарылоону камсыз кылууга;
6) баланын (балдардын) жекече керектөөлөрүнө ылайык алардын багуусун, тарбиялоосун жана өсүп-өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн багып алган балага берилүүчү төлөмдөрдү толук
көлөмдө пайдаланууга;
7) балдарга жана балдары бар үй-бүлөлөргө кызмат көрсөтүүчү уюмдар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүгө, баланы коргоо жеке планда (мындан ары - Жеке план) каралган иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
8) Жекече планга ылайык жана аймактык бөлүм менен макулдашуу боюнча баланын ата-энеси мыйзамдуу өкүлдөрү, туугандары, потенциалдуу камкорчу (көзөмөлчү) же асырап алуучулар менен жолугушууларды өткөрүүгө (байланышууга) көмөктөшүүгө;
9) багып алуучу үй-бүлөнү социалдык жактан коштогон аймактык бөлүм менен кызматташууга; Аймактык бөлүмдүн кызматкерине өзүнүн турак жайына жана бала менен аралашуусуна тоскоолдук кылбоого;
10) аймактык бөлүм багып алган баланы ден соолугунда, психологиялык абалында болгон өзгөрүүлөр жөнүндө же бала менен болгон башка маанилүү окуя жөнүндө (багып алуучу үй-
бүлөдөн уруксатсыз кетүү, тентип кетүү, зордук-зомбулук, ырайымсыз мамиле болгон учурда), баланын турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизүүчү башка маанилүү фактыларды тез арада билдирүүгө;
11) жашаган жерин алмаштыруу ниети жөнүндө аймактык бөлүмгө бир ай мурун жазуу жүзүндө маалымат берүү, тез арада жашаган жерин алмаштыруу зарыл болгон учурда кеткенге чейин бир сутканын ичинде маалымдоого;
12) кыска мөөнөткө жайгаштырууда багып алуучу үй-бүлө бала менен бирге калктуу пункттун чегинен узактыгы эки жумадан ашык убакыт чыкса, чыгуу узактыгы 1 айдан ашып кетсе, башка формада аймактык бөлүм менен макулдашууга;
13) багып алуучу үй-бүлөдө багып алган баланы (балдарды) багууга, тарбиялоого жана билим берүүгө жагымсыз шарттар пайда болгон учурда аймактык бөлүмгө маалымат берүүгө;
14) баланын жана анын үй-бүлөсүнө жеке маалыматтарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
15) багып алуучу үй-бүлөнүн ишин жыл сайын баалоонун натыйжалары боюнча алынган аймактык бөлүмдүн сунуштарын аткарууга;
16) багып алган бала (балдар жана анын (алардын) үй-бүлөлүк кырдаал жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбоого;
17) баланын (балдардын) документтеринин (өздүк ишинин) сакталышын камсыз кылууга жана балага багып алуучу үй-бүлөдөн чыгып кеткенде аларды аймактык бөлүмгө өткөрүп берүүгө.
2. Аймактык бөлүмдүн укуктары жана милдеттери
5. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1.Жеке планды аткаруунун жыйынтыктарына мониторинг жүргүзүүгө, зарыл учурда багып алуучу ата-энелер менен макулдашуу боюнча ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгелейт;
1) Жылына 1 жолу багып алуучу үй-бүлөгө эскертүүсүз барууга;
2) Багып алуучу баланын укуктарын бузуу жөнүндө маалымат келип түшкөн учурда багып алуучу ата-энелерди эскертүүсүз багып алган бала (балдар) менен баарлашууга;
3) Баланын ата –энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) же туугандары менен жолугушууларын (карым- катнаш) өткөрүүнүн, ошондой эле багып алуучу ата-эне менен баланын ата –энеси, мыйзамдуу өкүлдөрү менен кызматташуусунун ыкмасын жана шарттарын
аныктоого;
4) Бала алуучу ата – эненин бири же экөө тең катуу ооруп калганда же каза болгондо, баланын багып алуучу ата –энелери менен же үй – бүлөдөгү башка балдар менен психологиялык батышпай калганда, багып алуучу ата –энелер ушул Келишимдин милдеттемелерин аткарбаган учурларда баланы (балдарды)андан ары жайгаштырууну камсыз кылууга;
5) Багып алган баланын (балдардын укуктарын сактоого, минимум стандарттарга жана ушул Келишимге ылайык баланы (балдарды) багуу, тарбиялоо жана билим берүү боюнча ата –энелерге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын контролдоого.
6) Аймактык бөлүмдөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баланы алуучу ата – энелерге баланы багып алууга чейин анын ден соолугу жана өсүп – өнүгүүсү жөнүндө маалымат берүүгө;
2) багып алуучу үй – бүлөгө баланы ушул Келишимге ылайык берүүгө;
3) социалдык коштоону камсыздоого;
4) багып алуучу ата – энелер менен биргеликте Жеке планды иштеп чыгууга, анын аткарылышын координациялоого;
5) багып алуучу баланын (балдардын) укугун, анын(алардын) жеке, мүлкүн, турак жай укуктарын коргоону камсыз кылууга;
6) багып алуучу ата –энеге үч жумушчу күндөн кечиктирбей багып алган баланы которууга тиешелүү чечимдер (баланы ата-энесине кайтарып берүү мыйзамдуу өкүлдөрүнө берүү же камкордукка жана көзөмөлдүккө алуу, асырап алуу) жөнүндө маалымат берүүгө;
7) балдардын багуу тарбиялоо жана өсүп – өнүгүү маселелери боюнча багып алган ата –энелерге психологиялык колдоо көрсөтүүгө;
Багып алган ата – энелердин компетенциясын жогорулатууга багытталган иш чараларды жүзөгө ашырууга;
8) багып алуучу үй – бүлөдөгү баланы (балдарды) багуунун жана тарбиялоонун абалын контролдоого жана баалоого;
9) баалоонун жыйынтыктары менен багып алуучу ата – энелерди тааныштырууга; алардын ишин өркүндөтүү боюнча жазуу жүзүндөгү сунуштарды берүүгө;
10) баланы багууга жана багып алуучу ата-энелерге берилүүчү эмгек акысын багуучу ата эненин бирөөсүнүн банктык (карточка ) эсебине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан белгиленген өлчөмдө акча каражаттарын которууга.
6. Тараптардын жоопкерчилиги, талаштарды чечүү
7. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
8. Ушул Келишимдин шарттарын аткарууга тиешелүү тараптардын ортосундагы талаштар сүйлөшүү жолу менен чечилет,
Тараптар макулдаша албаган учурда талаштар сот тартибинде чечилет.
5. Келишимдин күчүнө кириши, узартылышы, өзгөртүлүшү, токтотулушу
9. Ушул Келишим [Жайгаштыруунун түрү][Келишимдин башталган күнү][Келишим түзүлгөн мөөнөт] мөөнөтүнө түзүлдү.
(күндөрдүн айлардын саны, жайгаштыруунун түрү) жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү тараптардын өз ара макулдугу боюнча ал Бүткөнгө чейин [Келишимди узартуу мөөнөтү]узартылат.
(күндөрдүн же айлардын саны)
10. Ушул Келишимге тараптардын макулдугу менен өзгөртүүлөр анын колдонуу мөөнөтүнө чейин киргизилет.
11. Эгерде багып алуучу ата-энелер келишимди узартуу жөнүндө ниеттенбесе, Келишим мөөнөтү аяктагандан кийин токтотулушу мүмкүн:
12 Келишим төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
1) Бала биологиялык үй-бүлөгө кайтып келгенде, баланы
камкордукка (көзөмөлдүккө) же асырап алууга берген учурда;
2) Аймактык бөлүмдүн демилгеси боюнча багып алуучу ата-энелердин бири же экөө тең катуу ооруп калганда же каза болгондо, же багып алуучу ата-энелер тарабынан ушул Келишимдин милдеттери аткарылбаган учурда;
3) Багып алуучу үй-бүлөнүн демилгеси боюнча жүйөөлүү себептер болгондо (үй-бүлөлүк жана мүлк абалынын өзгөрүшүндө) багып алуучу үй-бүлө катары өзүнүн милдеттерин аткара албай калган учурда (багып алуучу үй-бүлөдө баланы (балдарды)
багууга, тарбиялоого жана окутууга жагымсыз шарттар пайда болгон учурда, багып алуучу ата-эне же үй-бүлөдөгү башка балдар менен баланын психологиялык келишпестигине);
13. Келишим мамлекеттик тилде 3 (үч) нускада түзүлгөн, ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ.
Аймактык/шаардык эмгек ,
социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы
[Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аталышы]
(аймактык бөлүмдүн жетекчисинин колу, мөөрү)
[Багып алуучу үй-бүлөнүн (ата-энелердин) аты-жөнү]
Дареги[Багып алуучу үй-бүлөнүн жашаган дареги] (багып алуучу ата-эненин колу)