Загрузка…
Кыргыз Республикасынын
Президентинин Администрациясы
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин [Министрлер Кабинетинин тескемесинин датасы] № [Министрлер Кабинетинин тескемесинин номери] тескемесинин 2-пунктунун аткарылышы боюнча төмөнкүнү маалымдайт.
ФАОнун “Климаттык оптималдаштырылган айыл чарбаны жүргүзүү ыкмасы үчүн туруктуу кошумча нарк чынжырын өнүктүрүүнү колдоо” долбоору Ислам өнүктүрүү банкынын “Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү” долбоорунун В компонентинин алкагында ФАОго техникалык жардам катары ишке ашырылган. ИӨБ долбоорунун максаты климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жолу менен айыл чарбасын жана суу ресурстарын башкарууну туруктуу өнүктүрүү аркылуу айыл калкынын киреше булактарын көбөйтүү болуп саналат.
Долбоордун алкагында Кыргызстандын кооперативдер союзу менен кызматташтыкта сегиз кооператив тандалып алынган, алардын потенциалы жашылча сактоочу жайларды куруу үчүн ИӨБ жеңилдетилген кредитин өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. ФАО төрт максаттуу региондордогу (Жети-Өгүз, Тоң, Кочкор, Жумгал) институционалдык түзүмдөрдү бекемдөө жана биргелешкен ишканалардын потенциалын жогорулатуу боюнча техникалык жардам көрсөттү.
Долбоор Министрликтин потенциалын бекемдөөгө көмөктөшүп, ошону менен бирге ИӨБ долбоорун финансылык колдоонун эсебинен Балыкчы шаарында фитосанитардык лабораторияны куруу үчүн техникалык документтерди иштеп чыгууга жардам берди.
Жогоруда аталган ФАО жана ИӨБ долбоорлору өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири катары аныкталган Кыргыз Республикасын улуттук өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясына (2018-2040-жж.) жана “Биримдик, ишеним, жаратмандык” өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасына (2018-2022-жж.) ылайык келет.
[Кол койгондун кызмат орду] (колу) [Кол койгондун аты-жөнү]
Атк: [Аткаруучунун аты-жөнү]
Тел: [Аткаруучунун телефону]