Загрузка…
Кепилдик
келишими
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата]
[Юридикалык жактын аталышы (Кредитор)] [Кредитордун юридикалык дареги] атынан [Ишеним каттын берилген дата жана номери] ишеним каттын негизинде иш алып барган [Кредитордун өкүлүнүн жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Кредитордун өкүлүнүн аты-жөнү] [Өкүлдүн туулган датасы], жашаган дареги [Өкүлдүн жашаган дареги] мындан ары – Кредитор;
[Кепилдик берүүчүнүн жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Кепилдик берүүчүнүн аты-жөнү], [Кепилдик берүүчүнүн туулган датасы], жашаган дареги: [Кепилдик берүүчүнүн жашаган дареги] мындан ары – Кепилдик берүүчү;
[Карызкордун жарандыгы (мамлекеттин аталышы)] жараны [Карызкордун аты-жөнү], [Карызкордун туулган датасы], жашаган дареги [Карызкордун жашаган дареги] мындан ары – Карызкор, биргеликте Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети:
Кепилдик берүүчү жетишилген келишимге ылайык Кредитордун талабы боюнча анын алдында Карызкордун [Негизги милдеттенме] боюнча милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн Карызкордукундай эле көлөмдө жооп берүүгө милдеттенет.
2. Кепилдик менен камсыздалган милдеттенме.
Келишим боюнча Кепилдик менен камсыздалган негизги милдеттенме: [Негизги милдеттенме], [Дата, милдеттенменин тараптары].
[Мөөнөт] мөөнөткө берилген [Карыздын суммасы] өлчөмүндө акча каражаты негизги келишимдин предмети болуп саналат.
3. Кепилдиктин өлчөмү
Кепилдик берүүчүнүн укугу жана милдеттери
Кепилдик берүүчү Кредитордун алдында Карызкор тарабынан Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн келишим боюнча бардык милдеттенмелердин, анын ичинде пайызсыз ссуда боюнча төлөмдөрдү негизги милдеттенме менен белгиленген мөөнөттө, ошондой эле 2-пунктта аталган сумманы мажбурлоо тартибинде өндүрүп алган учурда Кредитордун чыгымдарын, соттук жана нотариалдык чыгымдарын кошуу менен аткарылышы үчүн жооп берет.
Кепилдик берүүчүнүн иштеген жери: [Кепилдик берүүчүнүн иштеген жери (юридикалык жактын аталышы)] [Кепилдик берүүчүнүн кызмат орду]
Эмгек акысынын өлчөмү: [Эмгек акысынын суммасы]
Башка киреше булагы [Киреше булагынын аталышы, мүнөздөмөсү].
Иштеген жери (жашаган жери) өзгөргөндө Кепилдик берүүчү үч күн мөөнөт ичинде иштеген (жашаган) жери өзгөргөндүгү жөнүндө Кредиторго кабарлоого милдеттенет.
Мага - Кепилдик берүүчүгө, Карызкордун [Негизги милдеттенме] берилди, окуп чыктым
Кепилдик берүүчүнүн колу ____________________
Кыргыз Республикасынын ГК 344-346-ст. жана 348-ст. мазмуну нотариус тарабынан түшүндүрүлдү.
4. Кредитордун укуктары жана милдеттери
Кепилдик берүүчү Карызкор үчүн Кредитордун алдында милдеттенмесин аткарган учурда Кредитор Кепилдик берүүчүгө Карызкорго карата талаптарды ырастаган бардык документтерди жана милдеттенме аткарылган күндөн тартып 3 күндүн ичинде бул талапты камсыз кылган укуктарды өткөрүп берүүгө милдеттенет.
Кредитор Кепилдик берүүчүнүн макулдугусуз негизги келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуксуз. Болбосо Кепилдик берүүчү Кредитордун алдында өзгөртүүлөр киргизилгенден тартып Карызкор тарабынан өз милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн жооп бербейт.
5. Башка шарттар
Эгерде Кредитор негизги келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү жеткен күндөн тартып 2 жылдын ичинде Кепилдик берүүчүгө доо койбосо, кепилдик токтотулат.
Негизги милдеттенмени токтотпостон кепилдикти токтотууга жол берилбейт.
Келишимде каралбаган учурларда Тараптар колдонуудагы жарандык мыйзамдарды жетекчиликке алышат.
Келишим үч нускада түзүлдү, анын эки нускасы Тараптардын колуна, бир нускасы мамлекеттик нотариалдык конторанын көктөмөсүнө сактоого берилет.
Карызкор корутунду боюнча чыгымдар.
Тараптардын колу:
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди мен [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту.
Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
Юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгү жана анын өкүлүнүн ыйгарым укуктары текшерилди.
№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________