Загрузка…
Жөнөкөй жолдоштук
КЕЛИШИМИ
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн жер]
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата]
Биз, [1-тараптын жараны болгон мамлекетинин аталышы] жараны [1-тараптын аты-жөнү], [1-тараптын туулган күнү, айы, жылы], жашаган жери: [1-тараптын жашаган дареги], бир тараптан,
жана [2-тараптын жараны болгон мамлекетинин аталышы] жараны [2-тараптын аты-жөнү], [2-тараптын туулган күнү, айы, жылы], жашаган жери: [2-тараптын жашаган дареги], экинчи тараптан,
биргеликте Жолдоштор/Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. Жолдоштор өздөрүнүн салымдарын бириктирүүгө жана [Биргелешкен ишмердиктин максаты жана мазмуну] максатында юридикалык жакты түзбөстөн, биргелешип иш алып барууга ар бир Жолдоштун ишкердик ишмердигин жана пайда табуусун андан ары өз алдынча жүзөгө ашырууга милдеттенишет.
2. Жалпы мүлк
2.1. Жолдоштор тарабынан алардын менчик укугунда салынган мүлк, ошондой эле Жолдоштор тарабынан зарылчылыкка жараша салынган акча каражаттары Жолдоштордун жалпы мүлкүн түзөт.
Жалпы мүлк алардын жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат. Жолдоштордун ар биринин үлүшүнүн өлчөмү Жолдоштордун өз ара макулдашуусу боюнча белгиленген салымдарынын өлчөмүнө пропорционалдуу аныкталат.
2.2. Жалпы мүлккө ээлик кылууну жана пайдаланууну Жолдоштор өз ара макулдашуу боюнча жүзөгө ашырышат.
2.3. Келишимди аткаруу үчүн Жолдоштор төмөнкү мүлктү салышат:
- [1-тараптын аты-жөнү] - [1-тарап бере турган мүлктүн курамы], [1-тараптын укук белгилөөчү документи, аны берген орган, датасы, номери] ылайык анын менчик укугуна таандык;
- [2-тараптын аты-жөнү] - [2-тарап бере турган мүлктүн курамы], [2-тараптын укук белгилөөчү документи, аны берген орган, датасы, номери] ылайык анын менчик укугуна таандык;
Тараптардын макулдашуусу боюнча Жолдоштордун ар биринин үлүшү бирдей болуп саналат.
2.4. Жолдоштордун ар бири ушул Келишимде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган эрежелерди сактоо менен өздөрүнүн үлүштөрүн тескөөгө укуктуу.
2.5. Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Жолдоштордун үлүштөрүн жалпы мүлктөн бөлүп алууда Тараптардын макулдашуусу боюнча натуралай бөлүп алууга жол берилет.
3. Жалпы иштерди жүргүзүү
3.1. Жолдоштордун макулдашуусу менен ушул Келишим боюнча жалпы иштерди жүргүзүү Жолдоштор тарабынан биргелешип ишке ашырылат.
Мында Жолдоштордун бири да бардык Жолдоштордун атынан биргелешкен ишке тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.
Жолдоштордун бири да ушул Келишим боюнча Жолдоштордун жалпы иштерине тиешелүү чечимдерди өз алдынча кабыл алууга укуксуз.
Жолдоштордун жалпы мүлкүнүн бухгалтердик эсебин жүргүзүү биргелешип ишке ашырылат. Жолдоштордун бири да Жолдоштордун жалпы мүлкүн тескөөгө укуксуз.
Ушул Келишимди аткарууда бүтүмдөрдү жасоо үчүн жалпы мүлк жетишсиз болгон учурда, Жолдоштор зарыл болгон шарттарда кошумча төгүмдөрдү (взносторду) төгүшөт. Кошумча төгүмдөрдү төгүү жөнүндө акыркы чечим эки Жолдоштун жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча кабыл алынат.
3.2. Жолдоштор бири-бирине салыктарды туура жана өз убагында төлөө, башка төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон биргелешкен ишмердиктин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш.
4. Биргелешкен ишмердиктин жыйынтыктарын бөлүштүрүү
4.1 Жыйынтыктарды чыгаруу жана эсептерди жүргүзүү [Эсеп жүргүзүүнүн тартиби жана мөөнөтү] жүзөгө ашырылат.
4.2 Ушул Келишимди ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон чыгымдар, анын ичинде Жолдоштордун жалпы мүлкүн күтүү боюнча чыгымдар Жолдоштордун жалпы мүлкүнүн эсебинен, ал эми ал жетишсиз болгон учурда - талаптагыдай таризделген документтердин негизинде Жолдоштордун салымдарынын иш жүзүндөгү өлчөмүнө пропорциялуу түрдө алардын каражаттарынын эсебинен орду толтурулат.
5. Жолдоштордун укуктары
5.1. Жолдоштор төгүмүнө (взнос) карабастан ушул Келишимге тиешелүү чечимдерди кабыл алууга бирдей деңгээлде катышууга укуктуу. Мында эки Жолдош тең добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
5.3. Ар бир Жолдош жалпы иштерди жүргүзүү боюнча бардык документтер менен таанышууга укуктуу.
6. Жолдоштордун милдеттери
6.1. Жолдоштор ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга милдеттенишет, анын ичинде:
- жалпы мүлккө Келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте өз убагында төгүм (взнос) салууга;
- Жолдоштор тарабынан жашыруун деп таанылган маалыматты ачыкка чыгарбоого.
7. Жолдоштордун жоопкерчиликтери
7.1. Жолдоштор келип чыккан негиздерине карабастан бардык жалпы милдеттенмелер боюнча биргеликте жооп беришет.
7.2. Келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда күнөөлүү Жолдош калган Жолдошторго тарткан чыгымдарын (реалдуу зыянды жана документ менен ырасталган алынбай калган пайданы) өз каражаттарынын эсебинен төлөп берет.
7.3. Мындан тышкары, келишимдик милдеттенмелерди бузуу күнөөлүү Жолдоштун төмөнкүдөй өлчөмдөгү айып төлөмдү (туумду) төлөөсүнө алып келет: [Тараптардын жоопкерчилиги - жоопкерчиликтин түрү жана өлчөмү]
7.4. Айып төлөмдү (туумду) төлөө Жолдошту ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.
7.5. Тараптар Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат, эгерде бул ал жеткис күчтөрдүн, б.а. бул жагдайлардын шарттарында (табигый кубулуштар, согуш аракеттери ж.б.) өзгөчө жана кайтарылгыс күчтөрдүн кесепети болсо .
8. Талаштарды чечүү
8.1. Келишимге карата келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаштар жана кайчы пикирлер мүмкүнчүлүккө жараша Жолдоштордун ортосунда сүйлөшүүлөр жолу менен чечилүүгө тийиш.
8.2. Эгерде талаштар жана кайчы пикирлер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилбесе, мындай талаштар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык арбитраждык сот (жалпы юрисдикция соту, бейтарап сот) тарабынан каралууга тийиш.
9. Келишимдин мөөнөтү
9.1. Келишим Тараптар ушул Келишимге кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
9.2. Келишим жана андан келип чыгуучу бардык милдеттенмелер төмөнкү учурда токтотулат:
- ушул Келишим максатына жеткенде.
Жолдоштор Келишимдин колдонулушун көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин ушул Келишимде каралгандай эле шарттарда узартууга укуктуу;
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана мөөнөтүнөн мурда бузуу
10.1. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эгерде алар жазуу жүзүндө жасалса жана Жолдоштор (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) тарабынан кол коюлса, анык болуп саналат.
10.2. Келишим төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- Жолдоштордун макулдашуусу боюнча;
- Жолдоштордун биринин жана башка Жолдоштордун ортосунда ушул Келишим олуттуу бузулган учурда, ошондой эле башка жүйөлүү себептер боюнча келишимди бузуу менен келтирилген реалдуу зыяндын ордун башка Жолдошторго толтуруп берүү талабы боюнча.
- Мыйзамдарда же Келишимде белгиленген ар кандай учурларда.
10.3. Келишим боюнча мындан аркы биргелешкен иш-аракеттердин максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги белгиленген же терс натыйжа алуунун кутулгус экендиги белгиленген учурда, кызыкдар Жолдош Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө сунуш киргизет, ал сунуш бир айдын ичинде каралууга тийиш.
10.4. Эгерде:
Жолдоштордун биринин мүмкүнчүлүгү чектелүү (кудуретсиз /банкрот) деп жарыяланса, Келишим бузулушу мүмкүн же кредиторлордун талабы боюнча калган Жолдоштордун ортосунда ушул Келишимдин колдонулушун сактоо менен Жолдоштун үлүшү бөлүнүп берилиши мүмкүн.
11. Корутунду жобо
11.1. Келишимди ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган бардык маалыматтар, анын ичинде Жолдоштордун финансылык абалы жана үчүнчү жактар менен түзүлгөн келишимдердин шарттары тууралуу маалыматтар купуя болуп эсептелет жана ачыкка чыгарылбайт, ошондой эле үчүнчү жактарга берилбейт.
11.2. Келишимде түздөн-түз каралбаган башка бардык нерселерде Жолдоштор Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
11.3. Келишим 3 нускада түзүлдү, бирден нускасы Жолдошторго берилди жана бир нускасы нотариалдык конторага сакталууга берилди. Бардык нуска бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын колу:
[Нотариалдык иш жүргүзүлгөн дата] ушул Келишимди мен [Нотариалдык конторанын аталышы] нотариусу [Нотариустун аты-жөнү] күбөлөндүрдүм.
Келишимге менин катышуумда Тараптар кол коюшту. Тараптардын инсандыгы аныкталып, алардын укук жөндөмдүүлүгү текшерилди.
№ [Реестрдеги катталган номер] менен реестрде катталды.
[Мамлекеттик алымдын суммасы (сом)] сом мамлекеттик алым өндүрүлдү.
Нотариус _________________________